Орус армиясы Запорожьеге урган соккудан кеминде 26 киши жабыркады

Запорожьеге урулган соккунун кесепети. Украина, 17-декабрь 2025-жыл

Орусиянын 17-декабрда Запорожьеге урган соккусунан бери дегенде 26 киши жабыркады. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров маалымдады. Жетекчи өрттүн жана бүлүнгөн имараттын видеосун жарыялады.

Ал билдиргендей, орус аскерлери башкарылган авиабомбалар менен үч сокку урду, Запорожье шаарында турак жай зыян тартты. Андан тышкары инфрастуктура объектисине жана окуу жайына чабуул коюлду.

16-декабрга караган түнү Запорожьенин борборундагы тогуз кабат үйгө сокку урганда төрт киши жарадар болгон, 5-6-кабаттагы төрт батирди өрт чалган.

Ал эми Одесса облусунда энергетикалык системага болгон чабуулдардан улам мамлекеттик деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды.

Облус башчысы Олег Кипердин айтымында, мындай чечимди техногендик-экологиялык кырсыктар боюнча комиссия кабыл алды.

«Аймактагы 50 миңден көп тургун нормалдуу шарты жок жашап келатканына үч суткадан ашты», - деп белгиледи Кипер.

Шаршембиде эртең менен Украинанын энергетика министринин милдетин аткаруучу Артем Некрасов Одесса облусунда 32 миңдей абонент электр жарыгысыз калганын билдирген.

Анын айтымында, 13-14-декабрда болгон жапырт чабуулдан аймактагы энергетикалык объектилердин бир нечеси зыян тартты. Күн сайын орто эсеп менен алганда негизинен майданга жакын жерлерде 400 миңдей кардар жарыксыз калып жатат.

Расмий Киев жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.

Дагы караңыз

Австралия: Бонди Бичтеги калабанын курмандыктары жерге берилди Жогорку сот Элдар Абакировдун арызын четке кагып, мурдагы чечимди күчүндө калтырды Орусия: Туруктуу жашайм же паспорт алам дегендер адегенде армияга барат