Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Орусия: Туруктуу жашайм же паспорт алам дегендер адегенде армияга барат


Армияга мобилизация болгон орусиялыктар. Казан шаары, 23-октябрь, 2022-жыл
Армияга мобилизация болгон орусиялыктар. Казан шаары, 23-октябрь, 2022-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда чыгарган буйрукка ылайык, ал өлкөдө туруктуу жашоону же жарандык алууну каалаган чет өлкөлүк эркектер армия менен келишимге кол коюуга же аскерде "кызмат өтөөгө жараксыз" деген тастыктама көрсөтүүгө милдеттүү.

“Система” долбоору аныктагандай, жаңы жобо негизинен үй-бүлөлүк шарттан улам мыйзамдашкан же Орусияда узактан бери жашап жүргөндөргө тиешелүү. Өлкөдө туруктуу жашоого уруксат алганга чейин армияда кызмат өтөөгө милдеттендирүү дүйнөлүк тажрыйбада прецедент түзүп калышы ажеп эмес. Көпчүлүк өлкөлөрдө аскерге жарандарды, ашып кетсе туруктуу жашоого уруксаты бар адамдарды гана алышат.

48 жаштагы Акиф (каармандардын аты-жөнү коопсуздуктан улам өзгөртүлгөн) 2021-жылы Азербайжандан Орусияга көчүп барган. Үч жыл мурун орус жараны Марияга үйлөнгөндөн кийин Нижний Новгород облусунда үй куруп, эчки, коен багып чарба жүргүзө баштаган. Жубайы айтып бергендей, ал Орусияда калып, убактылуу жашоого уруксат берген документтерди алууга киришет. Бул үчүн маалымкат чогултуа, орус тилинен сынак тапшырат.

Быйыл жыл этегинде туруктуу жашоого уруксат алуу кагаздарын берүү мөөнөтү келди. Акиф миграциялык инспекторго кайрылып, "президенттин тиешелүү буйругуна ылайык андай уруксат армияда кызмат өтөгөндөн кийин гана берилет" деген жоопту угат.

Туруктуу жашоо уруксаты мигранттарга укуктук стабилдүүлүк тартуулайт: алар Орусияга визасыз жана ишке уруксаты жок ээн-эркин кирип-чыга алат. Мурдагы советтик жумурияттар үчүн бул жарандык алуунун жападан-жалгыз жолу.

Бирок Путиндин буйругунан кийин андай документ алуу үчүн эркектер адегенде армия менен келишимге кол коюуга же аскерде кызмат өтөөгө жараксыз деген маалымкат (справка) көрсөтүүгө милдеттүү. Же болбосо куралдуу күчтөрдө же Чукул кырдаалдар министрлигинде кызмат өтөп, 2022-жылдын 24-февралына (Орусия Украинага кол салган күн) чейин демобилизация болгону тууралуу документ алып келиши керек.

Ошондой эле эреже Орусиянын жарандыгын алам деген кишилерге жайылат.

Жаңы жобо үй-бүлөлүк шартынан улам мыйзамдашкан же Орусияда узактан бери жашап жүргөндөргө тиешелүү. Жогорку кесиптеги адистер жана Орусияда билим алгандан кийин туруктуу жашоо документин алууну каалагандар бул талаптардан бошотулат.

Мындай шарттар Орусиянын аскердик өнөктөшү болгон Беларустун жарандарына тиешелүү эмес. Ал эми Молдова жана Казакстандан келген эркектер жарандык алганда гана жогорудагы талаптарды аткарууга тийиш.

“Балама тыюу салдым”

24 жаштагы тажикстандык Бурхон Орусияга бир жылдай мурун көчүп барган. Ушу тапта Ханты-Мансы автономдуу округунда турат. Быйыл февралда убактылуу жашоо уруксатын алып, Акифтей болуп туруктуу жашоо уруксатын алмакчы болот. Бирок күзүндө аны Калкты тейлөө борборуна чакырышат жана документти алуу үчүн аскердик келишимге кол коюшу керектигин айтышат.

“Уулум менин тилимди алат. Мен ага келишимге кол коюуга тыюу салдым”, - деп айтты “Азаттык Азия” долбооруна Тажикстанда жашаган атасы. Анын айтымында, миграция кызматынын өкүлдөрү да документ берүүдө жаңы эрежеге таянат.

Орусиянын Украинага каршы согушуна ондогон өлкөдөн миңдеген киши катышууда. Алардын бир бөлүгү идеологиялык көз карашы дал келгени, акча же жарандыкты оңой алуу үчүн жалданган кишилер. Уруш башталгандан бери орус бийлиги андай чет элдиктерге бир топ жеңилдиктерди киргизген. Мисалы согушка катышкандар жарандык алганда тил жана тарых сынагынан бошотулат. Жакында орус өкмөтү караган мыйзам долбооруна ылайык, орус тарапта согушкан чет өлкөлүктөр кылмыш жасаганы үчүн мекенине өткөрүлбөшү мүмкүн.

Орусия Украинага басып киргенден бери Борбор Азиядан чыккан мигранттарга басым-кысым күчөдү.

Адегенде орус жарандыгын алган бирок аскердик каттоого турбагандар кысымга туш болгон.

Быйыл май айында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин майданда орус жарандыгын алган кеминде 20 миң борбор азиялык жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, дагы 10 миңдейин “окоп казганга” жөнөтүшкөн. Бастрыкин аскердик каттоого турбаган мигранттарды аныктоо рейддери туруктуу жүрүп жатканын кошумчалаган.

"Орусия эки максатты көздөйт"

Расмий түрдө Путиндин соңку буйругу менен орус бийлиги ал өлкөнүн жараны болбогон кишилерди бутага алууда. Бул дүйнөлүк тажрыйбага дал келбейт. Көпчүлүк өлкөлөрдө аскерге жарандарды, ашып кетсе туруктуу жашоо уруксаты бар адамдарды гана алышат.

Документ чыкканына бир жарым айдан ашса да, мамлекеттик маалымат каражаттары жана аткаминерлер мигранттар үчүн жаңы эреже тууралуу кабарлаган эмес. Орусиялык ири басылмалар согушка катышкан чет элдиктер үчүн туруктуу жашоо уруксатын жана жарандык алуунун жеңилдетилген жолу киргизилип жатканын жазышкан.

Андыктан жогорудагы каармандарыбыз Акиф жана Бурхондун Миграция кызматына баргыча ал тууралуу билбегени таңкалыштуу эмес.

Берлиндеги «Карнеги Орусия Евразия» борборунун илимий кызматкери Темур Умаровдун пикиринде, буйрук эки максатты көздөйт:

“Өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эсебинен армиянын катарын толуктоону, экинчи жагынан Орусияга узак мөөнөттүү миграцияны жагымсыз кылууну көздөшөт. Келечекте мигранттар Орусияга жумушчу күч катары гана барууга мажбур болмокчу”.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG