Журналист Мамыркулованын сотунда активист Атай Бейшенбек көрсөтмө берди

Канышай Мамыркулова

18-декабрда Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо уланып, анда күбө катары жарандык активист Атай Бейшенбек көрсөтмө берди. Бул боюнча мурдагы отурумда Мамыркулованын адвокаттары өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган.

“Атай Бейшенбектен тактай турган бир-эки жагдай бар эле. Ал жазган постторуна байланыштуу. Аларды качан жазган, кандай максатта чыгарган жана автор өзү болгонбу, ушуларды тактадык”, - деди Мамыркулованын адвокаты Нурбек Сыдыков.

Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.

Сөз болгон билдирүүлөрдүн ичинде “Мамыркулова Атай Бейшенбек 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында жазган постуна кийин шилтеме берип чыгаргандары бар” деген жүйө менен адвокаттар активисттен көрсөтмө алууну өтүнүшкөн.

Активист Атай Бейшенбек 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында маалыматтык өнөктүк жүргүзүп, кырдаал тууралуу социалдык тармактар аркылуу бир канча тилде жарыялап турган.

18-декабрдагы отурумга лингвистикалык эксперт келбегени себептүү кийинки отурум 12-январга белгиленди.

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Журналист айына эки ирет пробация органдарына барып, катталып турууга тийиш. Социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жазбайт. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок. Эгерде жашаган дарегин алмаштырса же башка жакка чыга турган болсо кабарлоого, пробация органдарынын программаларына катышууга тийиш.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Дагы караңыз

Орусия менен АКШнын делегациялары Маямиде жолугары кабарландыЕврошаркет Украинага 90 миллиард евро бөлүүнү макулдаштыБишкектеги "Байбол Ордо" этно-комплекси өрттөнүп кетти"Камбар-Ата-1" боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен келишим долбоору каралып жатат