Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Еврошаркет Украинага 90 миллиард евро бөлүүнү макулдашты


Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен, Еврокеңеш төрагасы Антониу Кошта жана Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен. Брюссель, 2025-жылдын 19-декабры.
Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен, Еврокеңеш төрагасы Антониу Кошта жана Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен. Брюссель, 2025-жылдын 19-декабры.

Европа Биримдигинин лидерлери 18-декабрда башталган 16 сааттык талкуудан кийин Украинага Орусиянын камакка алынган активдеринин эсебинен каржылык колдоо көрсөтүү маселесинде орток пикир таба алган жок. Бирок Украина банкрот болушуна да жол берилбей турганы белгилүү болду, себеби Киевге 2026-2027-жылдарга 90 миллиард евролук займ бөлүү чечими кабыл алынды. Бул акча Евробиримдиктин жалпы бюджетинин кепилдиги менен берилет.

Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына 19-декабрда "Биз өзүбүзгө милдеттенме алганбыз жана аны аткардык", - деп жазды.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украина бул насыяны Орусия ага каршы согуш ачып, келтирген зыяндын ордун толтуруп бергенде гана кайтарып төлөөгө милдеттүү болорун айтты. Эгер Москва зыянды төлөбөйм деп чыкса анда Украинанын карызын жабыш үчүн Европада камакта турган орусиялык активдер колдонулары айтылды.

Жетишилген соңку келишимде Украинаны каржылоого катышпай турганын билдирген Венгриянын, Словакиянын жана Чехиянын каржылык милдеттенмелерине таасир тийбеси жазылганы да маалымдалды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG