Австралиянын Бонди-Бич жээгинде болгон кандуу калаба учурунда кылмышкердин куралын тартып алып, башкалардын өмүрүн сактап калууга себепчи болгон адамга элден чогулган 2,5 млн австралия доллары (1,65 млн АКШ доллары) расмий түрдө тапшырылды. Бул каражат кайрымдуулук платформасы аркылуу жыйналган.
Ахмед ал-Ахмед аттуу жаран ок атуу маалында автоунаалардын артына жашынып барып, кылмышкердин артынан түшүп, куралын тартып алып, жерге жыгып түшүргөн. Көп өтпөй аны экинчи террорчу колго аткан. Ок жеген Ахмед операция жасалгандан кийин дагы деле ооруканада дарыланууда.
Эки баланын атасы Ахмед ал-Ахмедге Сент-Жорж ооруканасында социалдык тармактарда абдан таанымал Закери Дерениовски чоң форматтагы чекти тапшырды.
Каражат чогултууга дүйнө жүзү боюнча 43 миңден ашуун адам катышкан. Алардын арасында миллиардер Билл Экман да бар. Ал 99 999 австралия долларын которгон, кайрымдуулук баракчасын өзүнүн X социалдык тармагында бөлүшкөн.
Чекти тапшыруу маалында Ахмед "Мен буга татыктуумунбу?" — деп сураган.
Дерениовски ага "Ар бир тыйынына татыктуусуң" — деп жооп берген.
Ахмед Австралияны "дүйнөдөгү эң мыкты өлкө" деп атап, зордук-зомбулукка кайдыгер карабоо керектигин баса белгиледи. Ал чогулган акчаны эмне максатта колдонорун айта элек.
43 жаштагы Ахмед ал-Ахмед болжол менен 20 жыл мурун Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясынан Австралияга иш издеп барып, ошол жакта отурукташып калган.
Окуя жекшемби күнү Бонди-Бич жээгинде болгон. Жөөттөрдүн Ханука майрамын белгилөө үчүн чогулган миңдеген адамды эки куралчан аткылаган. Натыйжада 15 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, кол салууну ата-бала уюштурган. 50 жаштагы Сажид Акрам окуя болгон жерде полициянын огунан жан берген. Ал эми анын уулу 24 жаштагы Нажиб Акрам оор жараат алган. Ал ооруканада эсине келгенден кийин полиция ага 59 берене менен расмий айып такты. Арасында "Адам өлтүрүү", " Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" сыяктуу оор беренелер да бар.