Ооганстан Кыргызстан менен транзит макулдашуусун түзүүнү сунуш кылды

Алмаз Тургунбаев менен Абдул Хайдаринин жолугушуусу. Кабул, 2025-жылдын 18-декабры.

Ооганстандын “Талибан” өкмөтү кыргыз өкмөтүнө транзит боюнча макулдашуу түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 18-декабрда Кабулда министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев ооган транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари менен кезикти.

“Ооган тарап транзит боюнча эки тараптуу макулдашуу түзүүнү сунуштады. Кыргыз тарап сунушталган макулдашуунун долбоорун белгиленген тартипте кароого даяр экенин билдирди”, - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Жолугушууда транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланганы, эл аралык жүк ташууну кеңейтүү максатында Кыргызстан келерки жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, оогандар аны колдогону маалымдалды. Ошондой эле Кыргызстан Ооганстандын аймагы аркылуу Иран жана Пакистан багытында транзиттик ташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн министрликтеринин алдында биргелешкен автотранспорттук комиссия түзүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

17-декабрда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ооганстанда болуп, "Талибан" өкмөтүнүн вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты талкуулаган.

Андан бир күн мурун Ооганстандын борбору Кабулда Кыргызстан соода үйү ачылган.

Кыргыз бийлиги азыркы ооган өкмөтү менен кызматташууну жандантып, аларды таанып, алака түзүү сунушун эл аралык аянтчаларда да көтөрүп келатат.

Быйыл августта Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизини Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алган.

Көп өтпөй, сентябрь айында президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан азыркы оор шартта ооган элине ар тараптуу колдоо көрсөтүү, Ооганстандын экономикасын аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо маанилүү деп эсептей турганын айткан.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган. (RK)

Дагы караңыз

Жапаров Жапонияны "Асман" шаарынын курулушуна катышууга чакырды Жол коопсуздугу: Санарип көзөмөлдөн быйыл бюджетке 25 млн сом түштүУкраин дрондору Орусиянын "көмүскө флотуна" таандык танкерге чабуул койдуКыргызстан менен Жапония ортосунда 20 чакты документке кол коюлду