Орусияда көзөмөл реестри, Украинадагы согуш, балдардын мектепке кире албай калышы, кармоолор, чектөөлөр жүздөгөн мигранттарды бул өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны салыштырмалуу азайып, жалпы чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин саны жыл башынан бери кайра 200 миңге өскөн. Өтүп бараткан жылдагы мигранттар кабылган оорчулуктар кайсылар? Жаңырган жылда мигранттарды эмне күтөт?
Орусияда мигранттарды кыйнаган жагдайлар
18 жылдан бери Орусияда эмгектенип жүргөн Сулайман бул өлкөдө жашоо, иштөө жеңил болсун, үй-бүлөсү менен чогуу жашоого, балдарынын билим алышына жол ачылсын деген максатта орус жарандыгын алган миңдеген кыргыз мигранттарынын бири. Бирок быйыл ага карабай көпчүлүк мигранттардын катарында баласын мамлекеттик мектепке киргизе алган жок.
“Мигранттардын балдары көпчүлүгү окубай үйлөрүндө отурат, айрымдары акы төлөп менчик мектептерге беришти. Мен Орусиянын жараны болгонум менен балам Кыргызстанда төрөлгөн үчүн мектепке албай жатат. Экзамен тапшырыш керек экен, 1-класска бара турган бала кандай тапшырат аны? Ушуну такыр түшүнө албай койдум. Ал сынакты мен деле тапшыра албай калышым мүмкүн. Быйыл 2-класс болуш керек эле, былтыр дагы албай койгон. Мектепке киргизе албай жүрүп быйыл арга жок кыргызстандыктар ачкан менчик мектепке 1-класска киргиздик. Жакында президент Владмир Путин 1-класстарга экзамен жок деп сүйлөдү, бирок бул жоюлган жок”.
Жаңы окуу жылында сыртта жүрүп, мектепке кире албай калган балдар үчүн Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби түзүлгөн. Тиешелүү чечим үстүбүздөгү жылы 19-мартта Министрлер кабинетинде кабыл алынган. Бул жакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же болбосо ата-энеси менен бирге сырткы миграцияда жүргөн балдар кабыл алынат. Быйыл бул мектепте 2386 бала кабыл алынып, анын 860ы Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттардын балдары экени белгилүү болгон. Учурда ата-энеси менен сырткы миграцияда, анын ичинде Орусияда жүргөн балдар боюнча так маалымат жок.
Дагы караңыз
"Тесттен өттүк, бирок мектепте орун жок". Орусияда окубай калган мигрант балдарМына ушундай акыбал, мигранттардын улам чектөөгө, текшерүүгө, орой мамилеге кабылып жатышы жүдөтүп бүттү дейт Москвада такси кызматында иштеп жүргөн Сулайман.
“Жүрөктү өйүгөнү аялбы, эркекпи, жаш балабы көрүнгөн жерде эле кармап кеткен учурлар көбөйдү. Документ туура болсо деле полиция бөлүмүнө алып барып коркутуп, акча сураган көрүнүштөр көп катталууда. Азыр мигранттарга иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Реестр деген нерсени ойлоп табышты. Документин мыйзамдуу алып жүргөндөрдү деле болбогон шылтоо менен реестрге түшүрүп, андан чыгуу үчүн ИИМге кезекке туруш керек. Алдын ала кезекке туруш керек, ал 2-3 айсыз келбейт. Ошентип көпчүлүк мекендештер мигранттардын Сахарово борбору аркылуу депортация болуп жатышат. Менин орус жарандыгым бар, бирок теңтуш, тууган-уруктар Амина тиркемеси менен жүрүшөт. Миграциялык картанын артына мөөр койдуруш керек, ага дагы кезек жетпейт. Азыр ошонун айынан көптөрү кетүүгө аргасыз болууда. Машиналарын айла жоктон арзан сатып кетип жатышат”.
2025-жылдын башынан тарта эле Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдаша баштады. 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Бул тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелет.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 18-декабрдагы маалыматына караганда, 128 миң кыргыз жараны орус полициясынын “көзөмөл реестринде” каттоодо турат. 91 миңден ашууну бул өлкөнүн “кара тизмесинде”. Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны азайган себептерин айтып берди:
Бакыт Дарманкул уулу
“Орусия тууралуу бир аз токтолуп кетейин, баарыбызды кызыктырып жаткан жанагы “кара тизме” боюнча... Анда 91 миңден ашык адамыбыз турат. Быйылкы жылы миграциялык мыйзамдар кабыл алынып, шарттарды катаалдаштырып жатат. Ал жактагы жарандарыбыздын саны азайганы да ошол. Мындан сырткары башка дагы себептери бар. Орус акчасынын курсу да төмөндөп жатканы себеп болууда".
Расмий маалыматка караганда, учурда 341 миң кыргызстандык Орусияда, 70 миңи Казакстанда, 60 миңи АКШда миграцияда жүрөт. Жыл башында Тышкы иштер министрлиги Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны 377 миңдей экенин билдирген.
Ошол эле учурда Миграция министрлигинин маалыматында, Кыргызстандын 800 миңдей жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Бул ушул жылдын башында айтылгандан дээрлик 200 миңге көп. Бул мигранттар башка эмгек рыногуна, жаңы багыттарга бет алганын көрсөтөт. (ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган).
Талдоочулар Орусияда жүргөн мигранттардын санынын кыскарышына орус-украин согушу, мигранттарга карата киргизилген катаал мыйзамдары жана чектөөлөр себеп болгонун белгилеп жатышат. Миграция маселелери боюнча эксперт Гүлнара Дербишева мигранттардын укугун бузуп, түйшүккө салган айрым жагдайларга токтолду:
Гүлнара Дербишева.
“2024-жылы кабыл алынган мыйзамдардын көбү 2025-жылы күчүнө кирди. Эң биринчи эле өлкөдөн чыгаруу режими менен көзөмөл реестри, болбогон мыйзам бузуу үчүн дагы ушул тизмеге кирип, андан чыгуу “кара тизмеден” дагы оор болуп калды. Реестрден мигранттардын жарымы эле чыга алды, бирок ошол эле учурда күн сайын жаңылары кайра ошол тизмеге кошулуп жатты. Эң оор маселе мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн "Амина" тиркемеси болууда. Бул абдан машакат экен, анткени мигранттар күн сайын тиркемени ачып кайсыл жерде экениңди, геолокация көрсөтүшүң керек экен. Эгер эле ар кандай жагдайда, унутуп калып, телефонуң же интернетиң иштебей калып көрсөтпөй калсаң реестрге түшүп каласың. Тиркеменин өзү жакшы иштебей турганын айтып жатышат. ВПН менен социалдык тармактарга кирип, Ютуб көрсөң дагы "Аминада" көрүнүп, “ВПНди өчүр деген” билдирүү келип турат экен. Бул жарандын коопсуздугу, баш коргоо, жүргөн жерининн конфиденциалдуулугу деген сыяктуу укуктарын бузуп жатат. Эң орчундуу маселе – биздин мигранттардын балдары мектепке бара албай калды. Орус тилден сынактан өтсө дагы орун жок деген негизде киргизе албай калды. Колдорунда жок, менчик мектепке бере албагандардын балдары үйлөрүндө эле окубай калды. Жакында Орусиянын президенти келгенде эки өлкө ортосундагы келишимдер, ЕАЭСтин алкагында сүйлөшсө болот эле. Аларды кайтадан карап чыгыш керек да”.
Өкмөттүн мигранттарга саясаты катаалдашып жатканы аз келгенсип коомчулукта мигранттарга каршы маанай дагы күчөп кетти дейт маектешибиз Сулайман.
“Бая күнү кардарды бир жерге алып барып түшүрүп жатсам “Русская община” дегендин 20-30дай балдары колуна арматура кармап менин алдымдан чыгышты. Аларды формаларынан таанып калдым. Бири-бирине шыбырашып жатканда кардарды дагы түшүрбөй туруп, дароо качып кеттим. Мурда “скинхеддер”, “таз баштар” десе, азыр ушундай мигранттарга кас топтор бар”.
Дагы караңыз
Он жашар Кобилжондун өлүмү: Дүйшөмбү Москвага нота тапшырдыДекабрда Орусияда он жаштагы тажик тектүү окуучунун бычакталып өлтүрүлүшү бул өлкөдөгү борборазиялык мигранттарды ого бетер кооптондурган каргаша окуя болуп калды. Соңку жылдарда Орусия коомчулугунда мигранттарга карата тескери көз караш, ксенофобия күчөгөнү байкалды дейт он жылдан бери Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык Каныкей.
"Акыркы бир-эки жыл, согуш (Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган - ред.) күчтөп киргенден бери, 2023-жылдан бери басым аябай күчөдү. Коомдук унаага кирсең кемпирлер, улгайып калган адамдар да жаман көзү менен карашат. Жаштар го, мейли, түшүнбөгөндүктөн дейсиң, бирок чоңдору да кылат. Мен Москванын өзүндө жүргөн үчүн ошондой мамилеге аябай көп кабылдым. Акыркы күндөрү кеч калгандан, жалгыз жүргөндөн коркуп калдым. Күч кызматкерлеринен, участкалык полициядан да "чурка", "үйүңөргө кетпейсиңерби" дегенди уктум. Миграция борборуна барсаң деле ошо".
Дагы караңыз
"Апа, согушка кетүүгө мажбур болдум". Назира 19 жаштагы баласын кайтарууга жардам сурайтМиграция маселелери боюнча эксперт, юрист Мирлан Токтобеков Орусиядагы мигранттарга байланышкан каршы маанайды мындайча мүнөздөдү:
Мирлан Токтобеков
"Ксенофобиялык көз караш Орусияда азыр эки багытта калыптанып жатат деп ойлойм. Биринчиси мамлекеттик органдардын жүргүзгөн саясатынан, экинчиси жөнөкөй элдин мамилесинен байкалууда. Мамлекеттик органдардын ксенофобиясын Борбор Азиядан барган мигранттардын документтерин каттоодон көрүүгө болот. Көчөдө жүргөндө полициянын ксенофобиялык көз карашы байкалат. Ошол эле учурда жөнөкөй элде да өрчүп жатат. Элдин мамилеси эмне себептен ошондой болууда? Мамлекеттик каналдардын пропагандасынан улам. Биз ошондой болгон окуяларды Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдуктун кызматкерлерине жеткирип турабыз. Алар ошондой фактылар боюнча чыгып, миграциялык мекеменин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп калышты. Бирок бул иш дагы жетишсиз".
Орусиялык “Фонтанка.ру” сайты жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өтүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салынганын Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме берип жазды. Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн.
Серепчилер мигранттарга каршы айрым чараларды ЕАЭБ келишимдерине туура келбейт деп айтып чыгышкан.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары уюм ичиндеги өлкөлөрдө эч кандай чектөөлөргө дуушар болбошу керектиги эске салышууда.
Украинадагы согушка тартылган мигранттар
Орусия Украинанын аймагына бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери согушка тартылган жүздөгөн борборазиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду. Мигранттарды, анын ичинен жабык жайлардан кандуу урушка тарткан учурлар азыр дагы токтой элек. Согушка кеткен жакындарын издеп, үнүн кыргыз бийлигине жеткирүү максатында “Азаттыкка” дагы бир нече адам кайрылган.
Украинанын "Хочу найти" долбоору орус армиясы тарабында согушкан 143 кыргызстандыктын аты-жөнүн чыгарган. Булардан сырткары Орусия "жалдагандар" деген дагы өзүнчө тизме бар. Анда 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн. “Азаттык” тизмедегилердин айрымдарынын жакындарын таап, байланышкан.
“Азыр жарандыкты дагы келишимге байлап койду. Согуш башталганга чейин жылына 20 миңдей жараныбыз орус паспортун алчу. Жалпысынан 350 ми нден ашуун жараныбыз Орусиянын жарандыгын алган. Азыр паспорту барлар, кыргыз жарандыгы барларды деле кармап рейдде келишимге кол койгула деп мажбурлап жатышпайбы. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жарандардын канчасы согушка кетти, канчасы өлдү деп тизмесин чыгарып жатышат. Бул маселеге көнүл буруп караш керек. Биз кыргызстандыктарга мобилизация болуп, келишимге кол койдурганга чейин бул өлкөдөн кеткиле деп жатабыз. Анткени мигранттар көрүнгөн жерде, аэропортто, көчөдө, тойдо, иштеген, жашаган жеринде рейд деп кармап, колуна келишимди берип жатат. Бул биздин согуш эмес да. Эмнеге биздин жарандар барышы керек ал жака”, - деди Дербишева.
Дагы караңыз
"Бизди алдаптыр, согушка алып келишти". Мигрант Маликтин дайыны чыкпай жатат- Буга чейин "Азаттык" Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар. Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылганы белгилүү болгон.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон.
АКШдагы жагдай
Орусияда миграция саясаты катаалдашканы кыргыз жарандары арасында Европа өлкөлөрүнө, Кошмо штаттарга миграция агымы күчөгөн. АКШда бийлик башына Дональд Трамп келгенден тартып мигранттарга мамиле кыйла катаалдады. АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин бир катар өлкөлөрдүн жарандарына берилүүчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн 3 айга кыскарткан. Тизмеге Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан гана илингени нааразы пикирлерди жараткан.
Чет өлкөлүк студенттерге виза берүү саясаты дагы катаалдады. Быйылкы жылы АКШ өкмөтү жаңы визалык эрежелерди кабыл алып, студенттик визаларды төрт жылдык чектелген мөөнөткө гана бере баштады. Виза ала албай калганын айтып чыккан студенттер болду. Ири шаарларда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы рейддер өткөрүлүп, депортация болгондор арасында кыргыздар да болду. АКШда америкалык жарандыгы жок адамдарга коммерциялык унаа айдоого күбөлүк берүүнү олуттуу чектеген токтом кабыл алынып, бул кыргыз мигранттарын кабатыр кылды.
Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбековдун белгилешинче, АКШда рейддер токтой элек. Текшерүүлөрдөн улам Кыргызстанга кайткан кыргызстандыктардын саны да өскөн.
Умар Жусупбеков, АКШ
“АКШдагы мигранттар үчүн кооптоно турган жагдайлардын сап башында турган - Иммиграция жана бажы полициясынын (US Immigration and Customs Enforcement, ICE) рейддери болууда. Чикаго шаарында 16-декабрдан тартып дагы башталды. Башка штаттан 200 офицер алып келгени кабарланууда. Булар күчөтүлгөн режимде иштеп баштады. Буга чейин жергиликтүү офицерлер байма-бай иштеп эле жаткан. Биздин жарандарга кыйын болгон нерсе мурда иштөө кагаздары автоматтык түрдө жаңыланып турса, азыр өздөрү барып арыз ташташы керек болот. Бул дагы белгилүү бир убакытты алат. Ошондуктан адвокаттардын айтымында, алдын ала, алты ай мурда иштөө уруксатына арыз таштоо зарыл. Биздин мекендештер арасында ICE офицерлери кармагандар көп эле. Кепил таап, күрөө коюп чыгып жаткандары бар. Бирок азыр жаңы мыйзам боюнча кепил дагы текшерилет деген үчүн аны табуу дагы кыйын болуп жатат. Күрөө төлөп чыгууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. CBP-1 системасы менен кирген мигранттар (визасы жок, чек арадан өткөндөр) дароо эле депортацияга жөнөтүлүп жатат. Депортация деле дароо болбойт экен, ага деле 3-4 айга созулушу мүмкүн экен. Ага чейин детеншнде, камакта отурушат. Мекендештердин дагы бир көйгөйү эгер грин-карт жок болсо коммерциялык унаа айдаган күбөлүгүн жаңылай албайт. Америкага Мексика аркылуу кирүү тыйылган. Бул жактагы мекендештер документтерин тууралап сотторго кайра киргенге аракет кылып жатышат. Кетип жаткандары дагы көп. Такси кызматында иштегендердин көбү кеткенин тааныштардан угуп жатабыз. Азыр канчасы кетти, канчасы детеншнде камалып отурат деген так маалымат жок”.
Миграция министрлигинин маалыматына ылайык, АКШда 60 миңдин тегерегинде Кыргызстандын жараны жашап, иштейт. Бейрасмий кыргыз жарандарынын саны бул өлкөдө 100 миңге жетиши ыктымал.
Кайткан мигранттар кайда кетип жатат?
Миграция министрлигиндеги маалыматтарга караганда, быйыл салыштырмалуу Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын саны өскөн. Буга чейин 9,5 миңдей болсо 2025-жылы алардын саны 12 миңге жеткен. Ушундай эле өсүш Германияда дагы байкалат. Буга чейин 12,5 миң болсо 2025-жылы 15 миң деп көрсөтүлгөн. Эл аралык миграция уюму Орусиядан сырткары Казакстан, Түркия, Түштүк Корея дагы кыргызстандык мигранттар үчүн негизги багыттардын бири экенин белгилөөдө. Бул тууралуу уюмдун 2025-жылдагы баяндамасында белгиленген. Соңку жылдары бул өлкөлөрдүн катарына Улуу Британия дагы кошулду. Бул өлкөдө 10 миңден ашуун киши иштеп жүрөт.
Биздин кийинки маектешибиз Жоодар Шүкүров Британияга мезгилдик жумуштарга иштегени үчүнчү ирет жөнөп жатат.
Жоодар Шүкүров, Британия
“Мурда Орусияда иштеп келген үчүн ошол өлкө менен эле салыштыра алабыз. Артыкчылыгы документтен кыйналбайсың, аэропорттон эле бир мөөр басат, ошол бойдон алты ай документти көтөрүп жүрүштүн кереги жок. Милиция текшербейт, кайтып жатканда ошол мөөрдү текшерип чыгара берет. Мыйзамдуу барсаң алдап коймой, акчаңды бербей койду деген болбойт, келишимде көрсөтүлгөндөй айлыкты аласың. Кыргызстанга кайтканда ар бир ай сайын кармаган салыкты кайтарып берет. Мен Уилске жакын жерде фермада иштейм. Көбүнчө кожогат, кулпунай, төө бурчак, алча өстүрөт. Мал, эт багытындагы уй, кой багат. Биз күнөскананы даярдайбыз, көчөт тигебиз. Бизден кийинки баргандар тергенге барышат. Тамак-аштан деле кыйналбайсың, айлыкка салыштырганда көп нерсе бизден арзан. Жергиликтүү элдин мамилеси абдан жөнөкөй, кечирим сурап дайыма жылмайып турушат экен. Өтө кымбат машина айдагандар дагы жолдун боюндагы адамдын жанында акырындатып, саламдашып өтөт. Ушуну келип алып өзүбүздөн күтөсүң, ошол жагын дагы үйрөнүшүбүз керек”.
Анткен менен борбор азиялык жүздөгөн тургундар виза тариздеп, жумуш таап берүүчү чет өлкөлүк фирмалардын өкүлдөрүбүз деген алдамчылардын тузагына илинип, чоң өлчөмдөгү акчасынан кол жууп калган учурлар дагы жок эмес. Алдамчылар негизинен социалдык тармактар аркылуу өздөрүн жарнамалашат.
Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева мамлекет жаңы багыттарды ачып, мыйзамдуу жолдорду сунуштаганы жакшы деп эсептейт. Бул мигранттар кабылган тобокелдикти алдын алат.
Бермет Молдобаева, Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы.
“Жарандар бир жакка барууну чечкенде чет жактагы жумушка байланыштуу түрдүү алдамчылыкка туш болушу мүмкүн. Ошондуктан жарандарды мындай абалда жалгыз калтырбай, мамлекеттин көзөмөлүндө болгону жакшы. Эгер мамлекет өзү багыттарды ачкан учурда процессти жөнгө салуу дагы оңой болот. Биз мисалы жарандарга реалдуу эмес сунуш айткан тараптардан абайлагыла деп айтат элек. Мисалы айлык акысы абдан жогору, тил билүүнүн же жөндөмдүн кажети жок, сенин гана каалооң маанилүү, биз баарын төлөп беребиз дегендей сунуштар болушу ыктымал. Европа өлкөлөрүндө мындай сунуштар дээрлик мүмкүн эмес. Алдамчыларга алданып, ири суммасын алдаткандар абдан көп. Алдын ала маалыматтарды карап, бара турган өлкөдө эмнелер болуп жатканын анализ кылып туруу зарыл. Бара турган өлкөнүн тилин билүү керек. Биздин уюм миграцияда жүрүп оор кырдаалга туш болгон жарандарга жардам берип келет, бирок согуш, жаңжал жүрүп жаткан өлкөлөрдө муну ишке ашыруу абдан кыйын. 2025-жылы биздин уюм Ирак, Мянма, Түштүк Судандан Кыргызстандын жарандарын кайтарып алып келүүгө жардам берди. Алар эмгек миграциясы үчүн бул өлкөлөргө барышкан. 2026-жылы мигранттар шайлоо өтө турган өлкөлөрдү байкашы керек. Анткени шайлоодо саясатчылар сөзсүз миграция маселесин көтөрөт”.
Эксперт Гүлнара Дербишева миграция агымы жана миграциялык мыйзамдар дагы күчөшү ыктымал экенин белгилөөдө. Ошол себептүү алдын ала талдоо жүргүзүү, мисалы Орусияда мыйзам кабыл алынганга чейин эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин негизинде сүйлөшүү маанилүү деп эсептейт:
“Мыйзамдар күчөй берет. Мигранттар дагы оор абалда калышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынганга чейин демилге катары айтылат, анданк ийин талкууга чыгат. Ошол убакта биздин өкмөт реакция кылса жакшы болот эле. Ошондой эле консулдуктарга көбүрөөк ыйгарым укуктарды бериш керек. Ар бир келишимди карап, ар кайсыл деңгээлде жумушчу топтор иштеши керек. Орусия мигранттар жагынан дагы эле монополия, ошондуктан жаңы багыттар ачылса дагы бул өлкө менен талыкпай, тынбай иштей бериш керек. Акысыз юридикалык, укуктук жардам көрсөтүлүшү керек”.
Эл аралык миграция уюмунун баяндамасында белгиленгендей, Кыргызстанга кайтып келгендердин себептери:
- Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу
- Жумуш келишими бүткөндүктөн
- Патент
- Депортация
- Жакшы жумуш издөө максатында
- Орусиядагы мобилизация
- Ден соолугуна байланыштуу
- Рублдин куну түшүшү
- Каржылык кыйынчылык
- Жаңжалдар жана ошол өлкөдөгү коопсуздук
- Адам укуктарынын бузулушу жана башкалар.
Биз башында маектешкен Сулайман жердештерине азырынча Орусияга келбей турууну сунуштап жатат.
“Чынын айтканда бул жакта кысым ушунча күчөп, айла жок кеткенге туура келип жатат. Кыргызстанда деле шарттар түзүлүп, баарыбыз кетсек, негизи өзүбүз өлкө жакшы да. Мүмкүн болсо келбей эле койсо оң деп ойлойм. Азыр келген менен деле бир айда реестрге түшүп калып жатат. Биз деле 1-2 жылда кайтабыз деп ойлойм. Миң жарандыгың болсо деле “сен согушка барбай эмне кылып жүрөсүң бул жакта, паспортуң болсо деле экинчи сорттосуң деп айтышат кээ бир улутчул полициячылар”.
Эл аралык миграция уюму белгилегендей, 2024-жылы бир жылда 44,5 миң жаран кайтып келсе, 2025-жылы алты айда 29 миңге чукул кыргызстандык миграциядан кайткан. Ал эми Улуттук банктын эсебинде, 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгында сырттан Кыргызстанга жеке жактар которгон акча 1,6 млрд долларды түздү. 2024-жылдын жыйынтыгында сырттан 2,9 млрд доллар, 2023-жылы өлкөгө 2,7 млрд доллар которулган. Которуулардын басымдуу бөлүгү 93% Орусияга туура келет.
Ал эми Кыргызстандан тыш жакта иштөөнү каалагандар жалпы 29 өлкөнүн арасынан тандай алышат. Бул үчүн министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орношутруу борборуна кайрылса болот.