Украина: Орусиянын жапырт чабуулу үч кишинин өмүрүн алды, анын бири төрт жашар кыз

Киевге урулган соккунун кесепети. 23-декабрь, 2025-жыл

Шейшембиге караган түнү жана эртең менен Украина Орусиянын жапырт чабуулуна кабылды. Бери дегенде үч киши каза тапканы, жабыркагандар болгону маалымдалды. Жергиликтүү бийликтер негизги соккулар энергетика инфраструктурасына туура келгенин жана бир катар аймактарда, Киев шаарында электр жарыгы өчүрүлгөнүн билдиришти.

Житомир облусунун башчысы Виталий Бунечконун жазганына караганда, 2021-жылы туулган наристе жаракат алып, ооруканада чарчап калды. Ага чейин алты киши жарадар болгону кабарланган.

Киев облусунда эки кабат үйгө дүрмөт тийгенде өрт тутанып, бир аял набыт болду. Хмельницкий облусунда орус армиясынын түнкү чабуулу эркек кишинин өмүрүн алганын аймактын администрация жетекчиси Сергей Тюрин Телеграм каналына жазды.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү канча дрон жана ракета менен сокку урулганын билдирген жок. Президент Владимир Зеленский 650дөн көп учкучсуз учак жана 30 чакты канаттуу ракета атылганын жазып, Рождество алдындагы жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн тушундагы чабуулдар Орусиянын приоритеттеринен кабар берет деп белгиледи.

Орус Коргоо министрлиги түнкү аткылоону комментарийлеген жок.

Киев жана Батыш жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.

Ал арада Польшанын куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы Украина аткыланганда польшалык жана НАТОнун истребителдери асманга көтөрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле абадан коргонуу системасы менен радарлар жогорку даярдыкка келтирилди.

Рейтер маалымдагандай, бул алдын алуучу чаралар өлкөнүн аба мейкиндигин коргоого багытталган.

Буга чейин да Польшанын армиясы Орусиянын кошуна өлкөсүн аткылоосу маалында ушундай чараларды көрүп келген.

Дагы караңыз

Өкмөт башчы келерки жылы Бишкекте 36 мектеп куруларын айттыБыйыл жеке компаниялар аркылуу 17 миң кыргызстандык чет жакта ишке орношту"Коркутуп-үркүтүшөт, орой мамиле кылышат". Абактагы аялдар акыйкатчыга арыз-муңун айтышты