Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Өкмөт башчы келерки жылы Бишкекте 36 мектеп куруларын айтты


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында депутат Токтобүбү Ашымбаеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымына караганда, кийинки жылы өкмөт Бишкек шаарында 20 мектеп курат. Андан тышкары Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен дагы 14 орто мектептин имараты салынат. Бул боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп, Бишкек мэриясы менен биргеликте талкуу жүрүүдө.

Жаңы мектептер көбүнчө Бишкектин тегерек четиндеги жаңы конуштарда курулары айтылды.

Касымалиев андан тышкары келерки жылы аймактардагы авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңысын куруу жана курулуп келаткан имараттарды толук аяктоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын ири шаарларында, өзгөчө борбор калаа Бишкекте мамлекеттик мектептердин жетишсиздиги көп көтөрүлүп келген маселелердин бири. Ата-энелер бир класста 50-60 бала окуп жатканын, айрым билим уясында окуучулар батпагандыктан үч нөөмөткө бөлүнүп окууга аргасыз экенин айтып келишет.

Быйыл октябрь айында Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган “Мурас” турак жай комплексинин биринчи кабатында мектеп окуучулары үчүн убактылуу класстар ачылган. МИК курган үйлөрдүн биринчи кабатына класстарды ачуу сунушун президент Садыр Жапаров берген. Бишкектин мэри Айбек Жунашалиев бул пилоттук долбоор борбор калаанын башка райондору үчүн да жакшы мисал экенин айткан.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калганы менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат (KS)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG