Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Орусияда WhatsApp тиркемеси 70-80% жай иштеп калды


22-декабардан тартып Орусияда WhatsApp тиркемеси 70-80% жай иштеп калды. Бул жөнүндө телабайланыш рыногундагы булакка шилтеме менен РБК кабарлады.

«Интернетти коргоо коомунун» жетекчиси Михаил Климарев мессенжер 70% жай иштеп калганын бышыктады.

РБК менен маектешкен булак мындай көрүнүшкө операторлордун тиешеси жок деп айтты.

"Сбой.рф" жана Downdetector сервистеринин маалыматына ылайык, дүйшөмбүдө Орусиянын тургундары WhatsApp жай иштеп, кат-кабар жөнөтүү мүмкүн болбой калганына даттанышкан. Алардын жарымынын көбү Москвадан түшкөн.

Августта Telegram жана WhatsApp аркылуу байланыш бөгөттөлө баштаган.

Ноябрдын соңунда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси WhatsApp толук жабыла турганын, "Мессенжер өлкө аймагында террордук аракеттерди уюштурууга, жасоого, аларды аткаруучуларды азгырууга, алдамчылык жана ушул сыяктуу кылмыштарды жүзөгө ашырууда колдонулуп, биздин жарандарды тартып жатат" - деп жарыялаган.

Аталган мекеме WhatsApp мыйзам талаптарды аткарбаса, Орусияда толугу менен жабыларын эскерткен жана анын колдонуучуларын улуттук кызматтарга өтүүгө чакырган.

Мамлекеттик Думанын депутаты Антон Грелкин WhatsApp "дипломатиялык сүйлөшүүлөр ачыкка чыгып кеткени үчүн" бөгөттөлүп жатканын билдирген.

Кыргызстандык айрым мигранттар жакындары менен кат алышуу же сүйлөшүү кыйын болуп калганын, ал эми ишкерлер соода-сатык жүргүзгөн Орусиядагы кардарлары менен байланыша албаганын айтышат.

Декабрдын башында орус өкмөтү FaceTime тиркемесин жана SnapChat мессенжерин бөгөттөгөн. Ал жолу да мындай чектөө террорчулук, көз боемочулук жана башка кибер кылмыштар менен күрөшүү чарасы катары түшүндүрүлгөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG