Жогорку Кеңеште тигүү тармагы туш болгон көйгөй көтөрүлдү

Бишкектеги тигүү цехтеринин бири.

Кыргызстандагы тигүү тармагындагы ишкерлерге Орусия талаптарды күчөткөндөн бери бул жаатта иш алпарган көптөгөн фабрикалар жабылып, жүз миңдеген адамдар жумушсуз калганын Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы бюджетти караган жыйынында депутат Жумабек Салымбеков айтып чыкты. Ал өкмөттү бул маселеге тезинен көңүл буруп, Орусия менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүүгө чакырды.

Депутат көтөргөн маселеге Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жооп берип, бул маселени чечүүнү президент Садыр Жапаров көзөмөлдөп жатканын билдирди:

"Жеңил өнөр жайдагы, биздин экономикадагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул маселе бизге көз каранды болбогон саясий жагдайдан улам чыгып жатат. Анткени, Орусия чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул маселени президент жеке көзөмөлдөп, күн сайын алектенүүдө. Биз азыр бардык жагдайларды айта албайбыз. Бирок бул маселени чечүүнүн эң туура жолун карап жатабыз”,- деди Шыкмаматов.

Кыргызстандын тигүү тармагындагы ишкерлер жайдын аягынан тартып эле товарлары Орусияга кире албай, узун кезекте турганына даттанып келишкен. Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа казак-орус чек арасынан өтө албай калган.

Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабагандан улам чыкканын билдирген.

Ноябрь айында Экономика жана коммерция министрлиги тигүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан. Аларга товарды Орусиянын талаптарына ылайык, мыйзамдуу ташуу боюнча маалымат берилип, анын ичинде товарларды сертификациялоо жана шайкештикти ырастоо жоболору тууралуу семинарлар өткөрүлгөн.

Орус президенти Владимир Путин ноябрь айында Бишкекке келгенде жүк ташуучулардын узун кезеги жыл соңуна чейин жоюларын айтып, бирок жаңы жылдан тартып Орусиянын бажысы жүк ташуучулардан белгиленген бардык документтерди талап кыларын эскерткен.

Дагы караңыз

Украина: Орусиянын жапырт чабуулу үч кишинин өмүрүн алды, анын бири төрт жашар кыз "Манас" аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар үзгүлтүккө учурап жатат