мазмуну
- Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны азайып, 2024-жылы 44 миңге түштү. Негизинен Индия жана Пакистандан окууга келгендер азайган.
- Чет элдик студенттер батир табууда кыйынчылыктарга жана дискриминацияга туш болуп, алдамчылыкка кабылган учурлар бар.
- Атайын изилдөө чет элдик студенттердин 74% дискриминацияга, 40% коркутууга дуушар болгонун көрсөтүп, коомдогу ксенофобия жана расизм көйгөйлөрүн белгилейт.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, постсоветтик өлкөлөрдү кошпогондо Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны жыл сайын көбөйүп отуруп, 2023-жылы 25 миңден ашкан.
Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) таянып берген маалыматка ылайык, быйыл “S” тибиндеги студенттик визалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу төрт эсе азайып, болгону 11645 виза берилген.
Батирдин каарын тарткандар
Индиялык студент Пужита Жадабилла жакында эле батирге чыгып, өз алдынча тамак жасап жатканына сүйүнүүдө. Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келген Пужита Бишкекте батир таба албай, айлап издегенин айтып берди:
"Кыйын болду. Биз батир таба албай, эки айдай кыйналдык. Мен хостелде жашап жүрдүм. Бирок ал жактын тамагына алымсынбай, тамакты өзүм жасай алгыдай болуш үчүн батир издедим. Сабагыма дагы жакын болушун кааладым. Батирди мына ушул айда араң таптым".
Батирге чыга албай, хостел, мейманканаларда жашоого аргасыз болгондордун дагы бири Пушкар Рати үй ээлери айрым учурларда батирин эмнеге бербей жатканын ачык эле айтышат дейт:
Пушкар Рати
"Батирди аябай көпкө издедик. Жергиликтүүлөр индиялыктарга батирин берүүгө даяр эмес экен. Анткени алар оокаты кирдеп калат деп коркушат. Бир бала “ашкана аябай жыттанып калат, биз андай жытты жаман көрөбүз” деп айтты. Экинчи бала болсо батирин берүүгө макул болуп, 5000 сомдук депозит сурады, мен ал акчаны бергенден кийин эртеси күнү бардык жерде номурун өчүрүп салды. Эң жаман окуя болду. Анткени биз студентпиз да, акчаны ата-энебизден алабыз".
Батир таба албай калган студенттер дос, тааныштарыныкында баш калкалап, жан багышат.
Абишек Син
"Мен азыр хостелде жашайм. Досторум батирде турушат. Батирди алар араң табышты. Анткени көбүнчөсү Индия, Пакистан, Бангладештен келгендерге бере беришпейт экен. Студенттер батир тапканга чейин мейманканаларда турушат. Же болбосо бул жакта жашап жаткан достору же туугандарыныкында убактылуу жашап турушат. Ошол күндөрдү эптегенге аракет кылышат", - деди индиялык студент Абишек Син.
Батир табуу маселеси бир гана Индиядан келген эмес, пакистандык студенттерде дагы бар. Шафик Ахмед үч жылдан бери Кыргызстандын эл аралык университетинде билим алат. Ал үй ээлери айрым учурларда күтүүсүз жерден батир акысын көтөрүп же үйдөн чыгарып койгон учурлар болот дейт:
Шафик Ахмед
"Бизге, чет жактан келген студенттерге, бир жыл хостелде жашоо милдеттүү, анткени өлкө менен таанышып, бул жерде жашоо кандай экенин түшүнүшүбүз керек. Бир жыл өткөн соң биз батирге көчтүк. 14 күн жашагандан кийин батирдин ээси келди да, ижара акысын көбөйтөрүн айтты. Анын жанында бир аял бар болчу, ал менин телефонумду тартып алып, бардык паспортторубузду алып келүүнү талап кылды. Биз “эмне үчүн?” деп сурадык, ал болсо “силер дароо бул жерден чыгып кетишиңер керек” деди да, жеке буюмдарыбызды, шкафтарды, уктаган жерлерибизди текшере баштады. Түз эле биздин бөлмөгө кирип келип, “бул батирден чыгып кетишиңер керек, болбосо көбүрөөк акча төлөйсүңөр” деди. Биз болсо “кийинки айдан баштап көбүрөөк ижара акысын төлөөгө макулбуз, бизге убакыт бергиле” деп айттык".
Кыргызстанга билим алуу үчүн келген чет элдик студенттер арасында батир табуу азыркы учурда чоң көйгөйгө айланганын сырттан келген студенттер көп окуган Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору Кеңеш Ырысов дагы белгиледи:
Кеңеш Ырысов
"Эки жылдан бери батирлердин төлөмдөрү өтө жогорулап кеткенге байланыштуу азыр көбү бизге жатаканага жайгашып калды. Жатаканада орун калбай калды. Мурда батирлер арзан маалда чет элдик жарандардын көпчүлүгү - жогорку курстагылары батирге чыгып кетчү. Азыр кымбатчылыкка байланыштуу баары жатаканага жайгашышты. Биз ошолордун баарына орун бергенге аракет кылып жатабыз".
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, постсоветтик өлкөлөрдү кошпогондо Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны жыл сайын көбөйүп отуруп, 2023-жылы 25 миңден ашкан. Бирок 2024-жылдан тартып өлкөгө билим издеп келгендердин саны кыскара баштаган.
Изилдөө: Чет өлкөлүк студенттер кемсинтүүгө кабылат
OASIS фонду Акыйткачы институту менен бирге чет элдик студенттер, алардын Кыргызстандагы жашоосу, интеграциясы боюнча 2023-жылдан 2025-жылга чейин изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгы көңүл жубатарлык болгон эмес.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкан чет өлкөлүк студенттер кордоо, ксенофобиялык мамиле, алтургай токмоктогонго чейин жетип, кол салуу фактылары бардыгын айтып беришкен. Айрым учурларда студенттер турак жай табууда алдамчылыкка кабылып, кээде үй ээлеринин ар кандай мамилесине туш болгонун айтышкан", - дейт Кыргызстандын акыйкатчы аппаратынын Жарандык жана саясий укуктардын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Дооронбеков.
Мээрим Осмоналиева
"Биздин статистика боюнча сурамжылоого катышкан студенттердин 74% күнүгө дискриминацияга жана ар кандай кеп-сөзгө, кемсинтүүгө кабылат экен. 40% түрдүү коркутууга, алтургай кол салууга дуушар болгон. Студенттердин 74% ал окуялар тууралуу эч кимге айтышкан эмес", - деди OASIS фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева.
Изилдөөгө катышкан чет элдик студенттердин 77% коомдук транспортто жагымсыз мамилеге туш болгонун айтышкан.
Пакистандык студент Шафик Ахмед тилди түшүнбөсө дагы айрымдардын жүзүнөн мамилеси билинип калат дейт:
Шафик Ахмед
"Кээде автобустун ичи толуп калганда адамдарга жылып койгулачы деп же айдоочуга ушул жерден түшүп калайынчы деп айтуу өтө кыйын. Анткени тилди үйрөнүп бүтө элекпиз. Автобустун ичи бошураак болсо, анда, маселе деле жаралбайт. Айрымдар бизди көргөндө ар кандай бети-башын өзгөртүп, же, мисалы, мурдун жаап карашат. Мындай учурларда өзүңдү жаман сезесиң. Автобуска түшпөгөнгө аракет кылам, бирок кээде, айла жок, кырдаалдан чыкканга туура келет".
"Көбү көчөдө жалгыз жүргөндөн коркушат. Айрыкча кечкисин такыр эле көчөгө чыгып, сейилдегенден качышат. Аянттарда, гүлбактарда алар тобу менен жүргөнгө аракет кылышат. Анткени ыдык көрүп, кол салууга, коркутууга дуушар болгондору бар. Мындан улам жеке коопсуздугу үчүн топ-топ болуп жүрүшөт", - деп айтып берди Мээрим Осмоналиева.
Кыргызстанда билим алуу, жашоо-турмуш тууралуу жаңы келген студенттерге жогорку курстагылары "тарбиялык саат" өткөрүп, акыл-кеңеш беришет. Түштүк-Чыгыш Азиядан келген студенттер көбүнчө маалыматты агай-эжейлеринен, же болбосо, мурдараак келген мекендештеринен сурап билишет.
"Мен жаңы келгенде жогорку курстагы студенттер бул жактагы жашоо биздин өлкөдөн айырмаланып турарын түшүндүрдү. “Жергиликтүү эл ызы-чууну, катуу үндү, топтошкондорду жактырышпайт, эгер бирөө-жарым тийишип баштаса, кечирим сурап, ал жактан кетип кал” деп айтышты", - дейт индиялык студент Абишек Син.
"Индиялыктардын үнү бийигирээк чыгат. Бул жактагы эл секин сүйлөйт экен. Адамдар аябай жакшы. Автобус менен жүргөндө ашыкча үндү жактырышпайт экен. Биз катуу сүйлөшсөк, “акырынгыла” деп айтышат. Анан үн чыгарбай, токтоп калам", - деп индиялык Пужита Жадабилла өз окуясынан айтып берди.
"Үнүбүз бийигирээк чыкса “акырын, акырын” деп айтышат. Анан биз автобустарда, коомдук жайларда акырын жүрүш керек экен деп түшүндүк", - деди Умар Рефик.
Алыскы өлкөлөрдөн келген студенттер айрыкча кечкисин сейилдегенден чочулашат. Cаат түнкү 10дон кийин көчөгө чыкпаганга аракет кылышат экен. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери көчөдөн токтотуп алып ашыкча суроо берген учурлар дагы бардыгын айтышат.
"Паспортуңарды көрсөткүлө" дешет. Биз "Документтерибиз телефонубузда бар" десек, алар "Жок, кагаз түрүндө көрсөткүлө" дейт. Анан визаны сурашат. Бул мыйзамдуу талаптар. Бирок биз документтердин электрондук түрүн көрсөткөндө алар сөзсүз кагаз түрүн талап кылат. Мисалы, эгер бизде кагаз түрүндөгү документ болсо, алар "эми милициядагы каттоону көрсөткүлө" дейт. Аны көрсөтсөк, "эгер Чыгыш-5те жашасаңар, анда эмне үчүн 5-кичирайондо жүрөсүңөр" дейт. Ошентип, алар керексиз эле суроолорду беришет", - дейт пакистандык студент Шафик Ахмед.
"Бул биздин коом чет элдик студенттерди кабыл алууга даяр эмес дегенди билдирет. Бул жаатта иштөө өтө маанилүү, анткени ар бир студент Кыргызстанга өтө көп акча алып келет, мындан биринчи кезекте өлкө пайда табат", - деди Мээрим Осмоналиева.
Билим берүү боюнча хабга айлануу аракети
Акыйкатчы аппараты Тышкы иштер министрлигине таянып берген маалыматка ылайык, быйыл “S” тибиндеги студенттик виза саны өткөн жылга салыштырганда төрт эсе азайып, болгону 11 645 виза берилген. Индиялык жарандардан виза сураган арыз 80% азайып, болгону 4689 студент Кыргызстанда билим алганы келген. Пакистан жарандары 75% аз кайрылып, 4 200 виза алышкан. Ал эми Бангладеш жарандарына берилген виза саны 58% кыскарып, быйыл 333 гана студентке берилгени маалым.
Соңку жылдары Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны азайып жатканын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги дагы билдирет. Айрыкча Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендердин саны суюла баштаган.
"Азайды. Өткөн жылы бизде болжол менен 50 миң чет өлкөлүк студент бар болчу. Азыр болсо 44 миңдин тегерегинде деп маалымат берип жатабыз. Демек, өткөн жылдагы 50 миңден быйыл 44 миңге түшүп, 6 миңге азайды. Негизинен Индиядан жана Пакистандан келген студенттердин саны кыскара баштады", - дейт Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетектөөчү адиси Айзат Маматкеримова.
Айзат Маматкеримова
Түштүк-Чыгыш Азиядан келген студенттердин басымдуу бөлүгү медицина жаатында билим алышат. Алсак, Иса Ахунбаев атындагы Медакадемияда эле 12 миң студент сырттан келген.
"Азыркы учурда медакадемияда жалпысынан алганда 15 миңге жакын студент билим алып жатат. Жылына бизге чет элден 1 миңдей студент келет. 1-2 жылдан бери бизде жайкы жана кышкы кабыл алуу процесстери жүрүп атат. Ошондуктан экиге бөлүп кабыл алсак болот. Азыркы окуу жылына, мисалы, 1 185 студентти кабыл алдык. Жалпысынан 12 миң студент чет элден келген. Аны алыскы жана жакынкы деп бөлсөк, алыскылары 4 миң, калган 7-8 миңи алыскы жерден келгендер. Көбүнчө Индия, Пакистан, Бангладештен келгендер", - деди академиянын проректору Кеңеш Ырысов.
Алардын ар бири 3000 доллардан ашуун акы төлөшөт. Бул өлкөгө, анын ичинде жогорку окуу жайларынын бюджетине бараандуу киреше. Мамлекет медициналык академиянын бюджетинин 15% гана жаап берсе, калганы студенттердин окуу үчүн төлөмдөрүнөн түзүлөт.
"Алардын төлөмдөрүнүн эсебинен биздин медакадемияда көптөгөн курулуш, кайра оңдоо иштери жүрүп атат. Мисалы, биздин кээ бир имараттарыбыз жаңыдан курулуп, кээ бири түп тамырынан бери кайра калыбына келип, оңдолуп, кампустар ачылды. Андан сырткары, биз окуу процессинде колдонулуучу материалдык-техникалык базаны, техникалык жабдыктарды, LED экрандарды, лекция окуй турган залдарды оңдоп, иштеп атабыз. Ошолордон келген төлөмдөр бизге, Кыргызстанга келген чоң инвестиция деп айтсак болот да", - дейт Кеңеш Ырысов.
"Бардык медициналык жана билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү тариф белгиленген, башкача айтканда, контракттын баасы болжол менен 2900 доллардан төмөн болбошу керек. Эгер аны сомго айлантсак, болжол менен 253 миң сомдун тегерегинде болот", - деди Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетектөөчү адиси Айзат Маматкеримова.
Бир учурда өкмөт билим экспортуна басым жасап, чет өлкөлүктөрдү окуу жайларга тартуу менен экономикалык пайда көрүүнү көздөгөн. Анын арты менен былтыр Кыргызстанга четтен келип окуган студенттердин саны 70 миңден ашкан.
Укук коргоочулар кыргыз бийлиги билим экспортун жайылтабыз десе коомдогу терс көрүнүштөргө көңүл буруп, чет элдик студенттердин жашоосуна шарт түзүп, жеке коопсуздугун камсыздашы кажет дешет.
"Эгер биз кесипкөй медициналык билим берүү боюнча хаб болгубуз келсе, Улуу Британия, Европа өлкөлөрү сымал чет элдик студенттерди биздин өлкөгө тарткыбыз келсе, өзүбүздүн башташыбыз керек. Бул стратегиядан, билим берүү программаларынан башталат", - деди Мээрим Осмоналиева.
Жергиликтүү элге аралашуунун айласы
Миграция боюнча эл аралык уюмдун изилдөөсүндө айтылгандай, чет өлкөлүк студенттердин 70% шаардагы жашоого камыр-жумур болуп аралашып кеткенин айтышкан. 86% маданий иш-чараларга катышып, эл-жерди кыдырууга аракет кылса, 60% ашыгы Кыргызстандын тарыхына кызыгып, музыкалык жана көркөм фестивалдарга барып турушат. Студенттердин жергиликтүү салт-санааны, маданиятты жана жашоо образын үйрөнүүгө кызыгуусу жогору.
"Бул жерде жашоо абдан тартиптүү, өлкөдө көп нерсе жакшы уюштурулган деп айта алам. Жол кыймылынын эрежелери, окуу системасы, адамдардын маданияты жана санитардык талаптар Индияга салыштырмалуу абдан жогору деңгээлде деп мен сыймык менен айта алам", - дейт индиялык Пужита Жадабилла.
"Жаштар министрлиги жергиликтүү калк менен өз ара байланышты күчөтүү үчүн кандайдыр бир иш-чараларды, мисалы, спорттук мелдештерди, университеттердин же мектептердин деңгээлинде маданий алмашуу программаларын өткөрсө жакшы болмок. Чынын айтсам, мен университетибиздин ичинде өткөрүлгөн маданий алмашууларды гана эстей алам, ал эми университеттен тышкары мындай иш-чаралар болгон эмес", - дейт пакистандык Шафик Ахмед.
Асел Ази Тегин
"Эл менен кандайдыр бир программа, балким, волонтер үй-бүлөлөр болушу мүмкүн. Ошондой программаларды түзсө болот. Бул менин жеке оюм. Ошондо жуурулушуп, акырына келгенде баарыбыз бир эле адам экенибиз билинет. Мисалы, түсүбүз, жытыбыз башкача болушу мүмкүн, бирок сүйлөшүп келгенде баары бир эле адам, бир эле максатты көздөйт. Билимдүү болоюн, өзүмдүн элиме, жериме пайдамды тийгизейин деген эле максат менен келишет. Жергиликтүү калк менен көбүрөөк майрамдарга аралаштыруу кажет. Маданият дайыма элди бириктирет", - деди Миграция боюнча эл аралык уюмдун Коргоо жана климаттык мобилдүүлүк бөлүмүнүн жетекчиси Асел Ази Тегин.
Пакистан, Индия, Бангладештен келген студенттер университеттердин базасында психологиялык жардам көрсөтүү уюштурулса жакшы болмок деп эсептешет.
"Мага кээде психологиялык жардам керек. Бул жакта досторум өтө аз. Менин чөйрөм абдан тар. Менин оюмча бул мага психологиялык жактан жардам бермек. Сырттан берилген колдоо болмок", - дейт индиялык студент Пужита Жадабилла.
Акыйкатчы институту болсо чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуусу, жашоого интеграциясы табигый шартта өтүшү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамаларды иштеп чыккан.
"Ички иштер органдарына батир сатуу платформаларындагы алдамчылык фактыларына каршы чара көрүүгө, Миграция кызматына студенттер арасында мыйзамсыз иштөөнүн коркунучтары боюнча профилактика жүргүзүү, студенттерге жумасына 20 саат иштөөгө уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн кароону да сунуштадык. Жогорку окуу жайларга турак жай боюнча коопсуз тизме түзүү, психологиялык колдоо пункттарын ачуу сунушу киргизилди. Маданият жана жаштар министрлигине дискриминацияга каршы маалымат иштерин жүргүзүү, чет өлкөлүк студенттер үчүн англисче маданий программаларды уюштуруу, коомдук транспортто англис тилинде навигация иштеп чыгуу сунушталды", - деди Кыргызстандын акыйкатчы аппаратынын Жарандык жана саясий укуктардын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Дооронбеков.
"Бул стратегиялык документке калкты даярдоо боюнча пункттар да киргизилиши керек. Калкты даярдоо деген эмне? Бул коомдо ксенофобия, расизм жана расалык белгисине карата дискриминация сыяктуу көрүнүштөр кайталанбашы үчүн жана дискриминацияны түп-тамыры менен жок кылуу үчүн атайын окутуу модулдарын, билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана алдын алуу боюнча маалыматтык өнөктүк жүргүзүү. Албетте, бул багыттагы иштерди мектеп курагынан, жаштар арасында, ошондой эле улуу муундун өкүлдөрү менен да жүргүзүү зарыл", - дейт Мээрим Осмоналиева.
"Менин досторум бар, алар абдан жакшы мамиле кылышат. Такай менден кабар алып, спортко чакырат, кээде чогуу сейилдеп, сүйлөшүп да турабыз. Бул өлкөнүн табияты абдан кооз, төрт мезгили бар, чындыгында эркин өлкө. Билим берүү да жакшы. Бул өлкө мен үчүн экинчи үй сыяктуу. Мисалы, мен келечекте дарыгер болуп кайсы бир жерде иштеп баштаганда, алган дипломум бул өлкө менен байланыштырат. Кайсы жерге барбайын, «Ахмед Кыргызстанда окуган» деп айтылат. Демек, бул Кыргызстан менен өмүр бою байланыштамын дегенди туюнтат. Андыктан, албетте, бул өлкөнү жакшы көрөм", - деп пакистандык Шафик Ахмед өз сезимдери менен бөлүштү.