Орусиянын Будённовск шаарында украиналык дрондор өнөр жай зонасына чабуул койгонун Ставропол крайынын губернатору Владимир Владимиров билдирди. Анын айтымында, өрт тутанып, чукул кызматтар жеринде иштеп жатат.
Жетекчи кайсы объект соккуга туш болгонун айткан жок. Украинанын мониторинг кылган Телеграм каналдары "Ставролен" нефтехимиялык заводуна чабуул коюлганын жазышууда. Маалыматты Astra басылмасы да тастыктады. Телеграм каналдар ири өрт тутанганы тартылган видеолорду чыгарууда. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.
«Лукойл» компаниясына кирген ишкана полиэтилен жана полипропилен чыгарат. Завод буга чейин да бутага алынган.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймактын бир нече жеринде дрон чабуулдарынын мизи кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда, жаңы курулуп жаткан үйдү өрт чалды, эч ким жабыркаган жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык 41 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украинанын куралдуу күчтөрү бул маалыматка байланыштуу комментарий жасай элек.
23-декабрга караган түнү орус армиясы украин аймагын 600дөн ашуун учкучсуз учактар жана 30 чакты ракета менен жапырт аткылаган. Жергиликтүү бийликтер үч киши каза болгонун билдиришкен.
Орусиянын кол салуусуна жана күнүмдүк бомбалоолоруна кабылган Украина жооп иретинде Москванын согуш машинасын камсыздаган жайларды бутага алып келет.