Трамп Токаев жана Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Казакстан жана Өзбекстан мамлекет башчылары менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Трамптын Truth Social социалдык тармагына жазганына караганда, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев менен азыр болуп жаткан жаңжалдарды токтотуу, өлкөлөр ортосунда соода жана кызматташтыкты өөрчүтүү зарылдыгын талкуулашты.

“Эки өлкө менен байланыштар керемет. Эмки жылы Кошмо Штаттар G20 саммитин кабыл алат. Биз Майамидеги маанилүү иш-чарага конок катары катышуу үчүн эки өлкөнүн лидерлерине чакыруу жөнөтөбүз!” - деп жазды Трамп.

АКШнын президенти Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрүп келатат.

Жакында Вашингтондо АКШ-Борбор Азия саммити өткөн.

Дагы караңыз

"Чет элдик студенттерди тартуу үчүн элди тарбиялайлы" WhatsApp Орусиянын мессенжердин ишин чектеген чараларын сындады"Аэропорт саздак жерге курулуп калган". Коюу тумандан кармалган каттамдар, жүргүнчүлөрдүн талабы