Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

WhatsApp Орусиянын мессенжердин ишин чектеген чараларын сындады


Meta корпорациясына таандык WhatsApp мессенжеринин өкүлү сервистин Орусиядагы ишин чектеген чараларды сындады. Рейтер агенттигинин шилтемесине караганда, ал мындай кадамдардын кесепети орусиялык жарандарга тийип жатканын айтып, аларды мамлекеттик Max мессенжерин сүрөөнгө алуу аракети менен байланыштырды.

Алдыңкы күнү Орусияда WhatsApp тиркемеси 70-80% жай иштеп калганы кабарланган. Роскомнадзор мессенжердин ишин чектөө уланып жатканын ырастаган. Мекеменин пикиринде, компания Орусиянын мыйзамдарын аткарбай жатат.

«Мессенжер өлкө аймагында террордук аракеттерди уюштурууга, жасоого, аларды аткаруучуларды азгырууга, алдамчылык жана ушул сыяктуу кылмыштарды жүзөгө ашырууда колдонулуп, биздин жарандарды тартып жатат", - деп жарыялаган Роскомнадзор жана WhatsApp мыйзам-талаптарды аткарбаса, Орусияда толугу менен жабыларын эскерткен.

Августта Telegram жана WhatsApp аркылуу байланыш бөгөттөлө баштаган.

“Ишти чектөө менен Орусиянын өкмөтү 100 миллиондон ашуун кишини купуялуулукту сактоо менен жеке кат-кабар алышуу укугунан ажыратып жатат”, - деп билдирди мессенжердин өкүлү.

Ал ошондой эле кардарлардын кызыкчылыктары корголорун, мамлекет таңуулаган коопсуздугу анча камсыздалбаган тиркемелерге өтүү орусиялыктардын коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Кандай конкреттүү кадамдар жасалары айтылган жок.

Орусиянын бийлиги азырынча бул билдирүүгө реакциясын айта элек.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG