Беларуста Борбор Азиянын жарандарын мыйзамсыз миграцияга жөнөтүүгө көмөктөшкөн чет өлкөлүк киши үч айга камалды. Бул жөнүндө Беларус Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аты аталбаган кишинин Беларуста убактылуу жашоого уруксаты бар. Тергөөнүн версиясы боюнча ал быйыл 8-9-май жана 20-21-май күндөрү борбор азиялыктарды Минскиден Брест облусундагы чек ара аймагындагы айылга жеткирген.
"Ошол 14 борбор азиялык андан ары Украинанын чек арасынан мыйзамсыз өткөн", - деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Алар керектүү документтери жана визалары жок болгону менен Еврошаркеттин аймагына кирүүгө аракеттенген. Айрымдары буга чейин Беларус-Польша чек арасынан өтүүгө аракеттенип, бирок артка кайтарылган.
Айыпталып жаткан киши кайсы өлкөлөрдүн жарандарын ташыганы айтылган жок.
2021-жылдын жай-күз айларында Польша жана Балтика өлкөлөрүндө миграциялык кризис тутанган. Ал мамлекеттердин бийликтери кризисти Александр Лукашенконун режими уюштурган деп эсептешет. Алардын айтымында, беларус бийлиги Минскиге миңдеген мигрантты жеткирип, кийин алар качкындар деп чек арага алынып келчү.
Евробиримдиктин лидерлери Минскини “гибриддик согуш” тактикасы үчүн айыптап, ал согуш жүрүп жаткан жана жакыр өлкөлөрдөн келген мигранттарды азгырып, чек араны көздөй түртүп жатканын билдирген.
Польша, Литва жана Латвия чек арага жакын райондордо чукул кырдаал жарыялаган жана Беларус менен чек арада дубал тургузуу чечимин кабыл алышкан.
Быйыл майда Литва миграциялык кризиске шыкакчы болгон деп Беларусту БУУнун Эл аралык сотуна берген.
Шерине