Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Мигранттар Польшага кирүүгө дагы аракет кылышты


Брузги-Кузница өткөрмө бекетинин жанындагы мигранттар куруп алган лагерь.
Брузги-Кузница өткөрмө бекетинин жанындагы мигранттар куруп алган лагерь.

Польшанын чек арачылары 20-ноябрда Беларус менен Польшанын чек арасын бузууга аракет кылган мигранттардын бир нече тобун артка кайтарды. Бул аракеттер 19-ноябрь күнү кечинде Беларустан Польшага күч менен кирүүгө аракет кылган мигранттардын саны азайган учурда болду.

"Чет элдиктер агрессивдүү болушту. Алар таш жана фейерверк ыргытып, көздөн жаш агызуучу газ колдонушту", - деген полиция, мигранттардын эң тобунда 200дөй киши болгонун билдирди.

Польшанын полициясы мигранттар Старжина кыштагынын жанынан өтүүгө аракет кылган учурда беларус аскер кызматкерлери поляк чек арачыларына, полиция кызматкерлерине жана жоокерлерге таш ыргытып, натыйжада полициянын машинелери жабыркаганын билдирди.

Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтара баштаган.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап жатат. Европа Биримдиги беларус лидери Александр Лукашенкону президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн өч алууда деп айыптады. Минск мындай айыптоолорду четке кагууда.

Польшанын расмий өкүлдөрү 19-ноябрда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 195 учур катталганын билдирди. Варшава мигранттар кризиси бүтө электигин жана бул көйгөй бир нече айга созулушу ыктымалдыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG