Депутат Кожокулова МИКтин батир баасы боюнча маселени парламентте көтөрдү

МИК Бишкекте куруп, эксплуатацияга берген үйлөрдүн бири.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан батирлердин баасы катардагы калктын капчыгына туура келбей жатканын Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова айтты.

Ал МИК салып жаткан үйлөр өтө кымбат экенин, баасы мамкызматкерлерге жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи:

"Жер тилкелерин силер мамлекеттен бекер аласыңар, андан сырткары башка да жеңилдиктерди МИК бекер алып жатат. МИКтин үйлөрү кымбат. Эмнеге муну өкмөт көзөмөлдөбөйт? Жашоо деңгээли, айлык акы деген нерселер эске алынсын. Үйлөрдүн баарын эле Бишкекте сала бербей, региондорго да көңүл буралы. Азыр МИКтин үйлөрүнүн жанында бир дагы мектеп, поликлиника же бала бакча жок".

МИКтин төрагасы Канат Асангулов депутаттын суроосуна жооп берип жатып алар курган батирлер базар баасынан эки эсе арзан экенин айтты:

"МИКтен үлүшчү катары үй алгандарга биз бир чарчы метрин 1000 доллардан баалап сатып жатсак, ошол эле жерден жеке компаниялар бир чарчы метрин 2 миң доллардан баалап жатат. Биздин баа эки эсе арзан. МИК турак жайга муктаж адамдарды батир менен камсыз кылышы керек, ал эми инфраструктуралык маселелерди чечүү биздин компетенцияга кирбейт. Комплекс курууну пландаганда ошол участокто мектеп, бала бакча үчүн орун калтырып жатабыз".

Азыркы тапта МИК өлкөнүн бардык аймактарында жана борбор калаа Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Баасы бир чарчы метрине 87 миң 450 сомдон башталып, айрым объектилер жайгашкан жерине жараша чарчы метрине 124 миң 330 сомго чейин бааланууда.

МИК аркылуу үй алууга кезекке тургандардын саны учурда 40 миңден ашат жана там-таштуу болгондордун саны 13 миңден ашык. (KS)

Дагы караңыз

Баткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды Бишкек–Ош жана Бишкек–Манастан башка ички аба каттамдардын баасы туруктуу болот