Грин-карт утуп алгандардын үмүтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Грин-карт лотереясына катышып, Америкага жолдомо утуп алган кыргызстандыктардын абалы бүдөмүк болуп калды. 18-декабрда Американын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт лотереясын ойнотуу убактылуу токтотулганын билдирген. Мындай чечимге Браун университетинде 2 адамды өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылган шектүү Америкага 2017-жылы грин-карт менен киргени себеп болгон.