"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Социалдык тармактарда жана Telegram каналдарда көп акча убада кылган курьердик жумуштар жарнамаланат. Бирок мындай жарнамалардын артында түрмөгө алып барчу жол турушу мүмкүн. Кыргызстанда өспүрүмдөр кантип баңгизат бизнесинин тузагына түшүп жатат? "Азаттык+" ушул суроого жооп издеди.
Абактан бошоп чыгып Улуттук филармонияда чыгармачыл кечесин өткөнгөн Аскат Жетигендин “Зарыкканда” ыры элдин Аскатка, Аскаттын элге болгон зарыгуусу болуп жаңырды. "Азаттык" акындын чыгармачылыгы, абакта өткөн күндөрү, балалыгы жана кыял-максаты тууралуу баяндайт.
Кыргызстанда соңку жылдары жашыл экономика, жашыл энергетика деген терминдер көп жаңыра баштады. Алар эмнени билдирет? Эмне үчүн топуракты аздектеп, сууну үнөмдөш керек? Климат өзгөрүп жаткан шартта аялзаты кандай милдетти аркалайт? Эмне үчүн аял билимдүү болушу керек?
“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу Чоротегин менен 90-жылдардагы саясий окуялар, тарыхты кимдер бурмалай турганы, башка тармакта иштегендер тарыхты изилдесе эмнеге болбойт деген суроолорду талкуулайбыз.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17-22-октябрь күндөрү Өзбекстанда болот. Самарканд шаарында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгына арналган «С5+1» форматындагы жыйынга катышат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери чакырылган.
«Азаттыктын» аялдар тууралуу подкастынын коногу - иликтөөчү журналист Махабат Тажибек кызы. Ал журналистикага келген жолу, иликтөөчү журналистиканын кыйынчылыктары, темир тор артында өткөргөн убактысы, эркиндикке чыккандан кийинки жашоосу жана кесибине кайтуу тууралуу айтып берди.
“Учкунда” басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти? "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсү.
Бишкектеги "Анар-Бак" конушунун айрым тургундары жер тилкелеринен кол жууйбуз деп кабатыр. Достоевский көчөсүнүн уландысы болгон долбоорго ылайык, жаңы айланма жол үй салуу үчүн деп сатылган жер тилкелерин кесип өтөт. Бишкек мэриясы кенемте төлөө же алмашуу жолдорун кароону убада кылууда.
Кырчын жайлоосуна Көчмөндөр оюндарына күн сайын жүздөгөн адам келип жатты. Кимдир бирөө Көчмөндөр оюндарын көргөнү келсе, дагы бири кыргыздын маданиятына, улуттук оюн-зоогуна кызыгат экен. “Азаттыктын” кабарчылары Кырчынды аралап, бул жердин өзгөчө маанайын түзүп жаткан коноктор менен тааныштырат.
Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, миграцияда жүргөн кыргызстандык он төрт кыз иске ууланган трагедияга быйыл туура он жыл болду. Бул окуя эгемендик жылдардагы миграциянын чоң кесепети катары жалпы улуттук трагедия деп кабыл алынып, ошол кезде аза күтүү да жарыяланган.
Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала 10 күн ооруканада жатып үзүлдү.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы такталган соң эки өлкө ортосундагы жер алмашуу айрым тургундардын тагдырына да таасирин тийгизди. Баткендин Лейлек районунун тургуну Ыхыбал Абдувалиева жер алмашуунун жыйынтыгында үй-жайсыз калганын айтууда.
Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп жаткан кыргызстандыктардын саны 1,5 миңге жакындаганы тууралуу маалымат бар. Украинанын “Хочу жить” долбоору учурда Кыргызстандын 10 жараны Украинада туткунда отурганын жарыялады. “Азаттык” согушта дайынсыз болгондордун жакындары менен сүйлөштү.
Акыйкатчы институту жашы 18ге чыга элек кыздарды күйөөгө берүү көп катталып жатканына тынчсызданууда. Кыргызстанда өткөн жылы 13–17 жаштагы 320 өспүрүм төрөп, 40тайы бойдон алдырган. Башкы прокуратура нике мыйзамын бузууга байланыштуу 34 кылмыш ишин козгоп, 100дөй адам соттолгон.
Президент Жапаров Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди. Бул эс алуу жайын уюштурган ишкер Исабек Абдыгазиев УКМКнын мурдагы жетекчилигинин кысымына туш болуп, бизнесинен ажыраганын айтып даттанды.
Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөргө нөшөр жаандан кийин суу кирип, тургундар курулуштун сапатына байланыштуу суроолорду көтөрүүдө.
Кыргызстанда таза суу маселеси ондогон жылдардан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Ушу тапта өлкөдөгү төрт жүздөн ашык калктуу конушта бул курч маселе. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө. Статистикага караганда Кыргызстанда калктын дээрлик 97% таза сууга мүмкүнчүлүгү бар.
Жердеги экологиялык көйгөйлөр курчуган сайын анын кесепети Борбор Азияда да таасын сезилет. Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөр эрип, суу тартыштыгы жалпы эле чөлкөмгө коркунуч жаратууда. Астанада өткөн эл аралык экологиялык саммитке катышкан лидерлер ушул маселелерди талкуулашты.
15-апрель күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасы товарларды күтүүнү ырастоо системасын ишке киргизүү боюнча мыйзамдардын пакетин кабыл алды. Ал система кыскартылып СПОТ деп аталат жана 1-июндан тарта ишке кирет. Эмне үчүн Орусиянын аймагында киргизилип жаткан жаңы эрежелер кыргыз ишкерлери үчүн маанилүү?
Дагы жүктөңүз