Курултайдын биринчи күнүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгат

Былтыркы курултайга 698 делегат катышкан.

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда IV курултай башталды. Ага ар кайсы аймактан, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын шайланып келген 690 делегат катышып жатат.

Иш-чаранын башында курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы болуп Мамбеткерим Чекиров жана анын анын орун басарлары болуп Замирбек Көчөрбаев менен Байболот Абытов дайындалды.

Курултайдын биринчи күнүндө президент баштаган бийлик башчылары сөз сүйлөйт. Андан сырткары 150 делегатка жарыш сөзгө чыгат.

Курултайдын экинчи күнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке курултайдын өкүлү шайланат. Ошондой эле делегаттардын жарыш сөзү уланат. Соңунда Садыр Жапаров жыйынтыктоочу сөз сүйлөйт.

Мабеткерим Чекиров Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы, Замирбек Көчөрбаев "Кырк чоро" кыймылынын жетекчиси катары белгилүү. Ал эми Байболот Абытов тарых илимдеринин доктору.

2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркек, 161и аял жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү болгон. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болгон.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда, үчүнчүсү да былтыр декабрда өткөн.

Дагы караңыз

Ташиев күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин өлүмүн ар кайсы жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерттиТуманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй качып жүргөн жаран кармалдыАлагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды Жөлөк пул берүү жобосун, көлөмүн кайра карап чыгуу сунушталуудаБаткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү