Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында балдарга жөлөк пул берүүгө байланыштуу маселе көтөрүлдү. "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери Жанарбек Акаев буга байланыштуу көйгөй көп экенин, жөлөк пулду берүү тартиби, анын көлөмү кайра каралып чыгышы керектигин айтып, парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады. Ал өкмөт экономика өсүп жатат дегени менен жакыр үй-бүлөлөр аны сезбей жатканын белгиледи.
"Бардык жолугушууларда жөлөк пул маселеси көтөрүлүп жатты. Ушуга байланыштуу парламенттик угуу өткөрүп, кеңешип, кайра карап чыксак жакшы болот эле. Азыр бир кап ундун баасы 1600 сом, балага болсо бир 1200 сом берип жатабыз. Ушуну кайра карап чыксак. Азыр аткаруу бийлиги менен парламент камыр-жумур иштешип жатабыз, мунун дагы жолун тапса болот. Чындыгында эл документ чогултуудан, текшерүүдөн, же болбосо эски, тарактаган машинаң, малың бар экен деп бербей койгон бюрократиялык көрүнүштөрдөн абдан чарчады. Экинчиден, өкмөттүн баяндамасын, парламентти айыл-апада телевизордон угуп-көрүп жатат, алар дагы сүйүнүп жатат. Профицит деп, триллионго чыгабыз деп жатабыз, бирок аны көрүп отурган жакыр бир үй-бүлөнүн абалын элестетиңиз. Ушу жөлөк пул маселесин февраль айында бир кайра карап чыксак",-деди Акаев.
Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев учкай гана жооп берип, маселе келаткан жылы караларын маалымдады.
Ушул жылы июль айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштаган.
Ал өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөк пул аларын “улуттук жаңжал” деп атаган. Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.
Былтыр президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү боюнча өзгөртүү киргизүүгө кол койгон.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөк пулу деп аталат.
Кыргызстанда азыр 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын бир балага 1200 сомдон "үй-бүлөгө колдоо" жөлөк пулу төлөнөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет. Бирок жөлөк пул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу нааразылык айтылып турат.
Кыргызстанда 2018-жылдын башынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет. Өкмөт 2019-жылы күздөн тартып үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон бере баштаган.
Шерине