Президент Жапаров мугалимдерин, дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров келерки жылдын апрель айынан тартып мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди.

Ал 25-декабрда курултайда сүйлөп жатып, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы алардын айлыгы 50% көтөрүлөрүн билдиргенин, бирок өкмөттө кеңешип отуруп ушундай чечим кабыл алынганын айтты.

Жапаровдун маалымдашынча, азыр мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом болсо, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомго чамалайт. Шаар жергесинде жаңы келген мугалимдин маянасы 36 миң сомду түзүп, колуна 31 миң сом тиет.

Дарыгерлердин азыркы орточо айлыгы 31 миң сом, жогорулагандан кийин айлыгы 62,5 миң сом болуп, колуна 50 миңден ашык акча тиет. Президенттин айтымында, шаарда жаңы иштеген, тажрыйбасыз дарыгердин айлыгы 16 900 сом болсо, көтөрүлгөндөн кийин маянасы 42 миң сомду түзүп, колуна 35,5 миң алат.

Буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев келерки жылдын апрелинен тартып өлкөдөгү дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөрүн айткан. Ал эми 2026-жылдын сентябрында муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлердин да айлыгына 50% кошуларын билдирген. Бул үчүн 39 млрд сом келерки жылдын бюджетине кошулганын айткан.

Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашык мугалим иштейт, дарыгерлердин саны 13 миңден ашса, медицина тармагында 33 миң адис эмгектенет.

Соңку жылдары Кыргызстандын мектептеринде мугалимдердин, аймактардагы медициналык жайларда дарыгерлердин жетишсиздигине байланыштуу маселе байма-бай көтөрүлүп келет. Облус же район борборлорунда медиктерди кармап калуу үчүн парламентте да, өкмөттө да аларды үй менен камсыздап, жакшы айлык төлөп берүү тууралуу маселелер көтөрүлүп келгени менен ал демилгелер толук ишке аша элек.

Дагы караңыз

Курултайдын биринчи күнүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгат Ташиев күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин өлүмүн ар кайсы жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерттиТуманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй качып жүргөн жаран кармалдыАлагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды Жөлөк пул берүү жобосун, көлөмүн кайра карап чыгуу сунушталууда