Садыр Жапаров курултайдын 71 делегаты шайлоодо добуш бергенин айтып алдаганын билдирди

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров IV курултайдын 690 делегатынын ичинен 71и соңку парламенттик шайлоого барганын айтып алдаганын билдирди. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, алардын аты-жөнүн ачык атабоону чечкенин белгиледи:

"Төртүнчү элдик курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда, делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири шайлоого байланыштуу суроолорун берген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим. Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Бардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем. Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөнүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет".

Соңку парламенттик шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 37% жакыны гана катышкан.

Мындан улам Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке келип сүйлөгөндө шайлоого элди активдүү катыштыруунун ыкмаларын киргизүүнү, мажбурлап катыштыруу, айып пул салуу өңдүү чараларды колдонуу жагын карап көрүүнү сунуштаган.

Дагы караңыз

Сот жарандык активист Бекназар Айталиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза чегерди Күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Жибек Урустемованын ишин мындан ары УКМК иликтейтКурултайда четте жүргөн мигранттардын шайлоого катышуу укугу чектелгени айтылды New York Times: Орусия Украина менен АКШ даярдаган тынчтык планын четке кагышы толук мүмкүнСадыр Жапаров Баетов–Кош-Дөбө жолунун көйгөйүн көтөргөн делегатка төрт-беш жыл чыдоо керектигин айтты Садыр Жапаров өзү абакта отурганда түрмөнүн шартына даттанбаганын айтты Казакстанда бир жылда Украинадагы согушка катышкандарга 700 кылмыш иши козголду Трамп Нигерияда америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганын билдирди Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узартылды