Iran Human Rights: Иранда өлүм жазасына тартылгандар эки эсе көбөйдү

Тегерандагы Эвин түрмөсүнүн дарбазасы.

Иранда быйыл былтыркыга салыштырмалуу өлүм жазасына тартылгандар саны эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Би-би-си Норвегиядагы Iran Human Rights укук коргоо тобуна шилтеме кылып жазды.

Ага ылайык, быйыл декабрь айынын башына чейин кеминде 1500 адам дарга асылган, андан кийин дагы алты адамга жазанын эң катаал түрү берилген болушу мүмкүн.

Iran Human Rights 2024-жылы өлүм жазасына тартылган 975 учур болгонун эсептеп чыккан. Дагы башка укук коргоо уюмдары дагы ушундай санды айтышкан.

Иран бийлиги буга байланыштуу статистиканы ачыкка чыгарбагандыктан, бул өлкөдө өлүм жазасына тартылгандардын так саны белгисиз.

Аталган укук коргоо уюму 2022-жылдан бери өлүм жазасы берилген учурлар кескин көбөйүп жатканын белгилеп келет.

Буга чейин саясий өңүтү бар кылмышка шек саналып кармалгандарга, тыңчылыкка айыпталгандарга жана каршылык акциялары катышкандарга мындай жаза берилген учурлар катталган. Бирок өлүм жазасына өкүм кылынгандардын басымдуу бөлүгүн адам өлтүрүүгө, маңзатка байланыштуу кармалгандар түзөт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Тегеранды бийлигин өлүм жазасын ишке ашырууну токтотууга, мораторий киргизүүгө, бара-бара андан баш тартууга чакырып келет.

Дагы караңыз

Орусия кыйраган AZAL учагы боюнча кылмыш ишин токтотту, Баку жооп бердиТашиев Ысык-Көлдө жол салып жаткандарга эскертүү бердиБир жылда мейманкана жана ресторан курууга жумшалган инвестиция 23,2% өстү