Макрон Украинанын Европадагы өнөктөштөрү январда Парижде жолугарын билдирди

Владимир Зеленский менен Дональд Трамп.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон январь айынын башында "Каалоочулар коалициясы" деген ат менен таанымал Украинанын Европадагы өнөктөштөрү Парижде жолугарын билдирди. Ал Х социалдык тармагындагы баракчасына анда ар бир өлкөнүн Киевдин коопсуздугун камсыздоого кошкон "жеке салымы" талкууланарын маалымдады.

Аталган коалицияда Франция менен Британия негизги ролду ойнойт. Бул мамлекеттер согушту токтотууну, Киевдин коопсуздугуна бекем кепилдик болушуна аракет кылып келет. Анын негизинде Украинанын фронттон алыс аймагына аскер контингентин жайгаштыруу сунушу дагы айтылган. Орусия мындай шартты кабыл албай турганын бир канча жолу билдирген.

Жекшемби күнү кечинде Макрон башка европалык лидерлер менен чогуу АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусуна онлайн катышкан. AFP маалымат агенттиги Макрон Зеленский менен өзүнчө да сүйлөшкөнүн билдирген.

АКШ менен Украина президенттеринин сүйлөшүүсүнө видео байланыш аркылуу катышкан Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дагы коопсуздукка кепилдик берүү маселесин көтөргөн. Ал "Европа украиналык жана америкалык өнөктөштөр менен ушул күнгө жетишилген прогрессти бекемдөө үчүн кызматташууну уланта берерин, бул жаатта коопсуздуктун темирдей бекем кепилдиги болушу шарт" экенин билдирген.

Трамп менен Зеленский 28-декабрда Флорида штатындагы АКШнын президентинин Мар-а-Лаго резиденциясында жолуккан. Андан кийин журналисттердин алдына чыкканда Трамп Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрү “туура багытта баратат” деп билдирген.

Дагы караңыз

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу: министр айрым жетекчилерге сөгүш берди Iran Human Rights: Иранда өлүм жазасына тартылгандар эки эсе көбөйдүСадыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди Кыргыз эл баатыры наамынан, сыйлыктарынан ажыратты