Түркияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деп шектелген 357 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая 30-декабрь күнү билдирди. Кармоолор түндүк-батыш Түркиядагы куралдуу кагылыштан кийин жүргүзүлгөн.
29-декабрда Мармара деңизинин жээгиндеги Ялова шаарында сегиз саатка созулган операция учурунда үч полиция кызматкери жана алты куралчан адам жок кылынган. Андан тышкары рейд маалында сегиз полиция кызматкери жана дагы бир коопсуздук кызматкери жаракат алган.
Ички иштер министри Али Ерликаянын айтымында, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операциялар өлкө боюнча 21 облуста жүргүзүлдү.
Буга чейин Стамбулдун прокуратурасы полиция аталган калаада жана дагы эки облуста 114 дарек боюнча рейд өткөрүп, ар кандай санариптик материалдар менен документтерди алып койгонун билдирген.
Бул операциялар Рождество жана Жаңы жыл майрамдары маалында чабуул уюштуруу пландары тууралуу маалыматтардан кийин жүргүзүлгөн. Бир жума мурда ушундай эле шек менен 100дөн ашуун адам кармалган.
Түркия бийлиги быйыл "Ислам мамлекети" тобуна каршы операцияларды күчөттү. Буга соңку айда аталган уюмдун жоочулары активдешкени тууралуу маалыматтар түрткү болду.
АКШ өткөн жумада Нигериянын түндүк-батышында аталган топтун согушкерлерине сокку урганын билдирген. Австралиянын полициясы Сиднейде деңиз жээгинде майрамга чогулгандарга кол салгандар "Ислам мамлекетинин" идеологиясынан шыктанган болушу мүмкүн экенин айткан.
19-декабрда Американын аскерлери Сирияда "Ислам мамлекети" тобунун ондогон буталарына сокку урду.
Дээрлик он жыл мурун «Ислам мамлекети» Түркиядагы бир катар террордук чабуулдар үчүн жоопкерчилик алган. Алардын ичинде Стамбулдагы түнкү клубга жана эл аралык аэропортко жасалган куралдуу чабуулдарда ондогон адамдар мерт кеткен.
2015–2017-жылдардагы зордук-зомбулуктан кийин түрк полициясы бул топко каршы үзгүлтүксүз операцияларды жүргүзүп келет. Ошондон бери ири чабуулдар дээрлик катталган эмес.