Одессада Орусиянын дрон чабуулунан үч бала жабыркады

Украина 31-декабрга караган түнү Орусиянын соккусуна Одесса облусу кабылганын билдирди. Жергиликтүү бийлик башчыларынын маалыматына караганда, дрон чабуулунан турак үйлөр, логистикалык жана энергетикалык инфраструктура жабыркады.

Облустук администрация башчысы Олег Кипердин айтымында, дрон сыныктары түшкөн жерлерде көп кабаттуу үйлөр, автоунаа жабыркап, кээ бир жерлерде өрт тутанды.

Шаар башчысы Сергей Лысак төрт киши жараат алганын, алардын үчөө жети айлык, сегиз жашар жана 14 жаштагы балдар экенин маалымдады. 42 жаштагы бир кишинин абалы оор деп бааланып жатканы кабарланды.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга чамалап калды. Көптөгөн далилдерге карабастан Москва Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалап, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканын мойнуна албайт.

АКШ баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн азырынча натыйжа боло элек. (RK)

Дагы караңыз

Аяз Баетовдун Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары макамынын мөөнөтү узардыБишкекте "Тазалыктын" сууга агып кеткен дагы бир жумушчусунун сөөгү табылдыБШК №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 млн сом жумшаларын билдирди