Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

Бишкекте "Тазалыктын" сууга агып кеткен дагы бир жумушчусунун сөөгү табылды


ӨКМ тараткан сүрөт. Суучулдар сөөктү чыгарып жаткан учур.
ӨКМ тараткан сүрөт. Суучулдар сөөктү чыгарып жаткан учур.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) “Тазалык” ишканасынын 30-декабрда жылуулук борбордун техникалык каналына агып кеткен дагы бир кызматкеринин сөөгү табылганын билдирди.

31-декабрда издөө иштери уланып, ага 150 киши тартылган. Алардын 90у куткаруучу, 30у милиция кызматкери жана Бишкек шаардык мэриясынын 30 кызматкери.

Издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов координациялап жатат.

30-декабрда эртең менен Бишкектин “Тазалык” ишканасынын үч кызматкери Свердлов районундагы жылуулук борбордун техникалык каналына агып кеткени маалым болгон. Алардын биринин сөөгү ошол эле күнү табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бишкек шаардык мэриясы кырсык тууралуу билдирүү таратып, окуя шейшемби күнү 08:00-08:30 чамасында болгонун, үч жумушчу эртең мененки иштен кийин үйлөрүнө баратканда техникалык каналга агып кеткенин маалымдаган.

Мэр Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге өзү барган, набыт болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын кесиптик кошуунунун каражаттарынан сырткары шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгенин кошумчалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG