Министр Досмамбетов дарыгерлерге МИКтен 5 миң батир кезексиз берилерин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов медицина кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) кезексиз 5 миң батир бериле турганын билдирди. Бул тууралуу министр 30-декабрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология жана онкогематология бөлүмдөрүнө, ошондой эле Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барганда айтты.

“Орчундуу маселе болчу, президентибиз колдоп берди. Дарыгерлерге, министрликте иштегендерге ипотекалык үйлөрдөн 5 миң батир кезексиз бериле турган болду. Буюрса, бул иштин башталышы гана”, - деди министр.

Буга чейин медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге Мамлекеттик ипотекалык компаниядан жеңилдетилген шартта батир берүү маселеси көтөрүлүп келген. Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында ошол кездеги депутат Элдар Абакиров МИКте мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү керектигин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаш мугалимдерге “нөлдүк пайыз шарты” менен турак жай берүү планын иштеп чыгууну тапшырган.

Буга чейин МИК аркылуу Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында 70 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканы айтылган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош жана Манас шаарларына туура келет.

МИК аркылуу үй алууга 40 миңден көп адам кезекте турат, ал эми там-таштуу болгондордун саны 13 миңден ашты.

Дагы караңыз

Аяз Баетовдун Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары макамынын мөөнөтү узардыОдессада Орусиянын дрон чабуулунан үч бала жабыркадыБишкекте "Тазалыктын" сууга агып кеткен дагы бир жумушчусунун сөөгү табылдыБШК №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 млн сом жумшаларын билдирди