Ноябрь айына карата Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1 трлн 800 млрд сомду түздү. Экономиканын он бир айдагы өсүшү 10,2% деп бааланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн бири болгонун белгиледи.
Эң жигердүү өсүш негизги капиталга инвестиция менен курулуш тармагында көрүндү. Соода жана өнөр жай тармагындагы өсүш 9% ашса, айыл чарбасы 2% менен эң начар көрсөткүчтү берди.
Өкмөт бул мезгилге карата бириктирилген бюджетти да 1 трлн 93 млрд сом деп жарыялады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев экономиканы өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган план ашыгы менен аткарылып жатканын билдирди:
Адылбек Касымалиев
“Консолидацияланган бюджет 2025-жылы тарыхый чектен ашканы турат. Биздин эсептөөлөр боюнча, анын көлөмү 1 трлн 93 млрд сомду түзөт. Бул бекитилген пландан 384,2 млрд сомго көп. Планда 708,9 млрд сом деп каралган. 1 трлн 93 млрд сом – бул сан жөн гана финансылык көрсөткүч эмес. Бул акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана фискалдык саясаттын реалдуу натыйжасы. Биздин бюджет мурда социалдык багыттагы бюджет болчу, жарымына жакыны социалдык секторго жумшалчу. Бүгүнкү күндө биздин бюджетти өнүктүрүү бюджети десек жаңылбайбыз. Анткени биз реалдуу секторго, капиталдык салымдарга, турукташтыруу фондуна бөлүнгөн каражаттар аркылуу өнүгүүгө өтө ири суммадагы каражаттарды жумшап жатабыз”.
Кыргыз өкмөтү салык чогултуу процедураларын санариптештирүү менен көмүскө экономиканын үлүшү түшкөнүн айтып жатат. Маселен, былтыр 23% деп берилсе, быйыл үч пайызга азайган. Соңку беш жылда ИДП үч эсе көтөрүлгөн болсо, салык чогултуу 4,5 эсе көбөйгөн.
Дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр каатчылыктын сазында кыйналып, алдыга жылгандары да майда арыштап келатканда Кыргызстандын кантип 10% секирик жаратып жатканын талдагандар көп.
Чындыгында 2025-жылы Кыргызстандын экономикасы өзгөрүүлөргө өтө бай жыл болду. Ачылып жаткан ишканалар, курулуп жаткан энергетикалык объектилер, тоо-кен долбоорлору жана турак жайлардан тарта финансылык чечимдер, криптовалюта базарына кадам таштоо сыяктуу олуттуу жетишкендиктерди атаса болот.
Муну менен катар асман чапчыган кымбатчылык, экспорттун азайышы, мамлекеттик карыздын өсүшү, менчик укуктарынын тарышы, мамлекеттин экономикага ашкере кийлигишүүсү жана карапайым калк турмушунун анчейин жакшырбаганы башкы көйгөйлөр бойдон калды.
Экономикалык талдоочу Элдар Абакиров сандардын артынан түшпөй, мамлекеттин каражатын натыйжалуу долбоорлорго жумшоо зарылдыгын айтат:
Элдар Абакиров
“Жөн эле 10% өсүш керек деп, азыр мамлекеттик чыгашаларды кереги жок нерселерге көбөйтө берсе бул, тескерисинче, кризиске алып келиши мүмкүн. Ипотекалык көбүк деп жарылып, эл насыясын төлөй албай, бул тескерисинен экономиканын катуу түшүп кетишине алып келиши мүмкүн. Аны алдын алыш үчүн биз “жыл сайын сөзсүз 10% өсүш керек” деген максат койбой, элдин реалдуу кирешеси, ишканалардын саны өссүн, ошол эле жеке мүлктү коргоо системасын күчөтүп, жеке ишкерлерге эң жакшы шарттарды түзүш керек, узак мөөнөттүү насыяларды бериш керек, экспортерлорду колдош керек деген багыттарды колдоого өтүү зарыл. Мамлекеттик чыгашаларды ишкерлерге, элге жардам бере турган тармактарга гана жумшаш керек. Мисалы, азыр аэропортту чоңойтуп атат – бул жакшы. Бул туризмдин жана башканын дарбазасы болгондуктан аны чоңойтолу. Ошол эле темир жол, ГЭС керек. Бирок жалпы экономикага, ишкерлерге, элге натыйжа бербей турган чыгашаларды азайтуу зарыл”.
Кыргызстандын тышкы соодадагы пайдасы жана тобокелдиктери
Кыргыз экономикасынын чоң секириктерине түрткү берген негизги себептердин бири катары геосаясий жагдайдын Кыргызстан үчүн оңтойлуу болуп жатышын айтсак болот. Украинага кол салып, анын айынан эл аралык коомдон обочолонуп калган Орусиянын тышкы соода алакасында Кыргызстан ыңгайлуу ортомчулукту аткарып жатат деп эсептегендер бар.
Кыргызстандын он айдагы тышкы соодасы 12,8 млрд доллардан ашты. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6% аз. Экспорт кескин азайып, былтыркы көлөмгө 38,2% жетпей калды. Анын ичинде Орусияга 49%, Европага 55,9%, Азия өлкөлөрүнө 22,3% жана АКШга 10,3% аз экспорттолду.
Арийне, тышкы соода боюнча Бишкектин расмий статистикасына көпчүлүк эксперттер бүшүркөй карашат. Мунун да жөнү бардай. Анткени Улуттук статистика комитети Кытай менен он айдагы соода алаканын көлөмүн 4 млрд 160 млн доллар деп көрсөтсө, Кытайдын бажы башкармалыгынын эсептөөлөрү дээрлик 23 млрд 600 млн долларды чапчыйт. Ортодогу айырма 5,7 эседей болот. Түштүк Корея менен сооданы дагы кыргыз тарап 410 млн доллар деп эсептесе, расмий Сеул 3,3 млрд доллар деп көрсөтөт (айырма 8 эсе).
Кытай менен Түштүк Корея Кыргызстандын унаа импортунун башкы булактары болуп калды. Экөөнүн үлүшү бул жаатта 70% ашат. Маселен, Түштүк Корея менен сооданын 90% жеңил унаа импорту түзөт. 2025-жылдын он айында ал жактан 46 800дөй жеңил унаа импорттолгон. Кытайдан келген жеңил унаанын саны болсо 40 190 даана болгон. Алардын басымдуу көпчүлүгү Орусияга реэкспорттолуп кетти. Бирок алар расмий статистикага кирбей келет.
Орусия менен алака демекчи, эл аралык күмөндүү төлөмдөрдү жүргүзүүдө ортомчулук милдетти жигердүү аткарганы үчүн жергиликтүү төрт банк АКШ менен Евробиримдиктин санкциясына кабылды. Алгач январда мамлекеттик “Керемет Банк”, августта “Капитал Банк”, андан кийин октябрь айында “Толубай Банк” менен “Евразия сактык банкы” санкциялык тизмеге киргизилди. Бардыгы тең Орусиянын санкцияларды буйтап өтүүсүнө жана эл аралык акча которууларына көмөктөшкөн деп айыпталышты.
Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) трибунасынан банктарга салынган санкциялар адилетсиз жана негизсиз деп атады. Көп өтпөй Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги “Керемет Банк” кантип акча адалдаган эл аралык кылмыштуу топтун колуна тийгени, санкцияларды буйтап өтүү жана Украинадагы согушту каржылоого тартылганы тууралуу иликтөөсүн жарыялады.
Беларустун авторитардык президенти Александр Лукашенко ноябрда Кыргызстанга келгенде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Орусиядагы каатчылык кыргыз экономикасына кандай пайда берип жатканын айтты.
“Соңку эки жылдан бери силер бир кыйла байып алдыңар. Бир топ нерселерди куруп жатканыңарды байкадым. Азаматтар! Мунун белгилүү себептери бар. Биз орусиялыктар менен санкцияларга кабылдык. Кыргызстан, азамат, мындан пайдаланып кетип, туура кылды”.
Мындай жагдайды эксперттик чөйрө да, расмий адистер да четке какпайт. Bloomberg басылмасы орус армиясы 2022-жылы Украинага кол салып киргенден кийин Кыргызстан Орусиянын импорт, экспорт жана эл аралык төлөмдөрүндө ортомчулукту аткаруу менен секирик жасаганын белгилеген. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев басылмага курган маегинде соңку жылдардагы геосаясий окуялардан улам чөлкөмдүн соода түзүмү бир кыйла өзгөргөнүн, Кыргызстан аймактык жана дүйнөлүк соодага активдүүрөөк аралаша баштаганын айткан.
Жондон кайыш тилген кымбатчылык
Улуттук банк декабрь айына карата Кыргызстандагы инфляциянын деңгээлин 9,2% деп көрсөтүүдө. Жыл башында 6,3% болчу. Базар баалары жыл ичинде бир кыйла динамикалуу өсүштү көрсөттү. Эт азыктары 14 пайыздан 22 пайызга чейин өсүп, алды килограммына 900 сомдон ашты. Кирешесин керектөөсүнө жеткире албай калган калктын нааразылыгынан кийин өкмөт бааны 700 сомдон ашырбоо чарасын көрдү. Жайында картөшкөнүн баасы кескин кымбаттап, кытай картөшкөсү каптап киргенде да коомдогу маанай бир курчуган болчу.
Турак жайдын баасы жыл ичинде 35% чейин өстү.
Инфляция улам өсүп жаткандыктан Улуттук банк эсептик ченди да 9 пайыздан 11 пайызга чейин көтөрдү. Өкмөт мындай чараны ашкере көп каражат салынып жаткан экономиканын “ысып” чыгышынын алдын алуучу чара катары түшүндүрдү.
Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков 2025-жылы ишкер чөйрө үчүн турукташтыруу, айрым эрежелер аныкталган жыл болгонун айтат. Муну менен катар ал жеке секторду муунткан тобокелдиктер уланып жатканына токтолду:
Аскар Сыдыков
“Бул жыл ишкерлер үчүн чакырыктар жылы болду десек да болот. Тышкы соода жүгүртүүбүз 9,6% төмөндөп, анын ичинде экспорт 38% ашык азайып, экспортчуларыбызга кыйынчылыктарды жаратты. Укук коргоо органдары менен байланыштуу басым-кысым жасоолор, айрым ишкерлердин жеке менчигинен айрылуусу, ишкерлерди камоо, тинтүү, суракка чакыруу дагы уланды. Мындан тышкары, экономиканын айрым тармактарына киргизилген мамлекеттик монополия дагы өз таасирин тийгизди. Маселен, авиакеросин, медициналык билим берүү, жадагалса автомектептерге чейин мамлекеттик монополия киргизилди. Бул жеке сектордун ролуна таасир этүүчү жагдайлар. Себеби дүйнө жүзү боюнча экономиканын бирден-бир кыймылдаткычы – бул жеке сектор. Ошондуктан биз ушул жылы, мурунку жылдары да “келгиле, жеке секторго жагымдуу шарттарды түзөлү” деп айтып келебиз”.
Өнүгүүнүн үзүрүн эл текши көрүп жатабы?
Экономикалык өнүгүүнүн үзүрүн калк текши көрбөй, белгилүү бир катмар пайдага туйтунуп жатканы тууралуу пикирлер да арбын айтылууда. Маселен, калк арасында бай-кедей ажырымы улам чоңоюп баратканы талкуунун негизги темаларынан болуп келет.
Жыл ортосуна карай 480 млрд сом акчалай кирешенин болгону 22,5 млрд сому калктын 20% колунда жок жакыр катмарынын, тең жарымы (240 млрд сом) эң бай 20% үлүшүнө тийген.
Статистикалык маалыматтар өлкөдөгү эң жакыр катмар менен эң байманалуу катмардын тапкан акчалай кирешесинин ортосундагы ажырым 10 эседен ашканын көрсөтүүдө. Түшүнүктүү болсун үчүн айтсак, бул көрсөткүч былтыр 7,4 эсе, беш жыл мурда 5,1 эсе болчу.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн экономикалык ийгиликтеринин үзүрүн калың эл текши көрбөй жатат деген пикирде:
Дастан Бекешев
“Макрокөрсөткүчтөр сонун эле. Аны биз мактансак болот. Бирок, мен дайыма эле айтып атам, бюджеттин өсүшүн эл сезсе сонун болот эле. Мисалы, ошол эле мектептерге барсак азыр дааратканалар начар абалда, аны окуучулар көрүп атышат. Ата-энелер дагы деле бала бакчаларды, мектептерди кошо каржылап атышат, үйдөн көчөгө чыксаң эле кичинекей жолдор талкаланган. Албетте, бүт баарын оңдогонго шарт жок. Бирок эл сезиши керек. Ооба, бизде чоң инфратүзүмдүк объектилер курулуп атат – ошол эле аэропорт, ошол эле имараттар. Мен шайлоодо өтүп, элден дагы бир топ эле талаптарды уктум. Алар “эми бюджеттин өсүп атканы сонун эле, бирок биз дагы аны көрсөк жакшы болот эле” деп атышпайбы. Балдар аянтчасы курулбай эле, талкаланган, спорт аянтчасы жок, эс алуучу жай жок, иши кылып, ушундай нааразылыктар бир топ эле айтылган. Бул жерде өкмөт унутпашы керек – макрокөрсөткүчтөр менен сөзсүз мактанышы керек, ошол эле акчаны чоң инфратүзүмдүк объектилерге эле эмес, кичинекей объектилерге дагы жумшашы керек”.
Мамлекеттик карыз ылдам өсүп барат
Узак жылдар бою талкуу деңгээлинен көтөрүлө албай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун реалдуу курулуп башталышы жылдын башкы окуяларынан болду. Кыргызстандан Өзбекстанга чейинки бөлүгүнүн жалпы наркы 4,7 млрд доллар деп бааланган долбоордун жарымын Кытай чыгармай болду. Калган 2,3 млрд доллары Кытайдын мамлекеттик өнүгүү жана Эксимбанктарынан насыяга алынмакчы. Темир жолду үч мамлекет биргелешип түзгөн компания курат.
Январь-октябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыркыга караганда 33% өсүп, 8 млрд 693 млн долларга жетти. Муну кыргыз сомуна айландырса 760 млрд 161 млн сом болот. Мамлекеттик карыздын ички дүң продуктуга катышы 53% ашты. Бул көрсөткүч 2024-жылы 37,5%, 2023-жылы 45,5% болчу. Расмий жоболорго ылайык, мамлекеттик карыздын үлүшү ИДПга карата 70% жетсе, дефолт коркунучунун коңгуроолору кагылып кирет.
Мамлекеттик карыздын көлөмүнө 2025-жылдын январь-октябрында 188,6 млрд сом насыя кошулду. Анын 58,7 млрд сому тышкы карыз болсо, 130 млрд сому баалуу кагаздар аркылуу ички булактардан алынды же тышкы карыз 15%, ал эми ички карыз 73% өстү. Ички карыз буга чейин 7-8% үстөк менен алынып келсе, соңку кездери 15% чейин алынып жатат. Тышкы карыздын өсүшүнө быйыл май айында еврооблигация аркылуу алынган 700 млн доллар насыя түрткү берди көрүнөт.
Экономикалык талдоочу Кубан Чороев алынган карыздар утурумдук керектөөлөрдү жабуу менен алек болбой, реалдуу секторго инвестицияланып турса кооптуулук жарата бербесин айтат. Эксперт кыргыз өкмөтү экономиканы келечекке ыңгайлаштырып, диверсификациялоо аракетин көрүшү зарыл экенин белгилейт:
Кубан Чороев
“Ар бир экономикалык өсүш циклдар менен жүрөт. Албетте, кырдаалдардын өзгөрүшү менен циклдар дагы өзгөрөт, бардык нерсе өзгөрөт. Ошондуктан бизде азыркы күндө ушундай мүмкүнчүлүктөр болуп атабы, резервдерди көбөйтүү мүмкүнчүлүгү, башка мүмкүнчүлүк болуп атканда, ушул тапта биз экономиканы диверсификациялоого даярдык көрүшүбүз керек. Анткени дайым эле ушундай боло бербейт. Дайыма эле жагдай Кыргызстандын эсебине түз ойной бербейт. Албетте, мен ойлойм, жакынкы үч-беш жылдын ичинде бүгүнкү күндөгү негизги конъюнктура өтө кескин түрдө өзгөрбөйт. Анткени Борбор Азиядагы Кыргызстандын геоэкономикалык мүнөзү дагы жакшы макамда турат”.
Эл аралык эксперттердин баасы
Кыргыз экономикасындагы өсүүлөргө Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу уюмдар байкоо салып турат. Алар бул жаатта бир кыйла позитивдүү бааларын берип жатат.
Heritage Foundation уюмунун 2025-жылдагы “Экономикалык эркиндик” рейтингинде Кыргызстан 184 мамлекеттин ичинен 115-орунду алып, “Көбүрөөк эркин эмес” деп таанылды. Өкмөттүн финансы, салык тармагындагы башкаруусу жогору бааланган. Соода эркиндиги, мамлекеттин чыгымдары, бизнестин, инвестициянын жана акча эркиндиги ортодон жогору деп көрсөтүлгөн.
Уюм Кыргызстандагы укук үстөмдүгүн “начар” деп баалаган. Менчик укуктарын коргоо, сот системасынын натыйжалуулугу жана өкмөттүн акниеттүүлүгү орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн төмөн деп табылган.
Статистиканы карасак, Кыргызстандын “Экономикалык эркиндик” индексиндеги көрсөткүчтөрү 2022-жылдан тарта кескин начарлап кеткен.
Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков күчтүү, кадыр-барктуу өлкө болуш үчүн инвестиция менен бизнеске жагымдуу шарттарды түзүп, экономиканы күчтөндүрүү зарыл экенин белгилейт:
“Биз баягыдай элдин баарынан эле акча сурап жүрбөй, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү да чыңдап, тамак-аш коопсуздугу, темир жолдор, автожолдор, авиакаттамдар жана башка логистикалык-транспорттук каттамдарды чыңдап, экспортту көбөйтүп, импортту азайтууга көңүл бурсак, албетте, тышкы соода жүгүртүүбүз да бекемделет жана дүйнө жүзү боюнча ордубуз дагы жакшыра баштайт. Мамлекеттик чыгашаларга көңүл буруш керек. Себеби акыркы жылдары мамлекеттик чыгашалар эбегейсиз өстү. Менимче, мамлекеттик чыгашалар мындай темп менен өспөшү керек. Эгерде биз чындап эле өнүккөн өлкөлөрдөй болуп рынок экономикасына бурулуп, ошонун мыйзамдарына ылайык өсүп-жашайлы десек, мамлекет коопсуздукту, сот системасын камсыздап, жөнгө салуучу мыйзамдарды туура жазып, алардын иштөөсүн камсыздап, башкаларга кийлигишпеш керек. Бизде, тилекке каршы, мамлекет экономиканы дагы кол менен башкарганга аракет кылып атат. Мындай мамиле менен барсак мамлекеттин чыгашалары мындан дагы өсөт. А эгерде геосаясий жагдайлар күтүлбөгөндөй өзгөрсө, бизге келип жаткан чет өлкөлүк валютанын көлөмү азайышы мүмкүн. Экспортубуз түшүшү жана башка кирешелерибиз дагы кемиши мүмкүн. Мындан биздин экономика жабыркап, бюджет тиешелүү салыктарды чогулта албай, ошол чыгашаларды жаба албай калышы мүмкүн”.
Numbeo уюмунун сентябрдын соңунда жарыялаган индексинде Кыргызстандагы калктын жашоо деңгээли “өтө төмөн” деп көрсөтүлдү. Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү “төмөн” деп, ал эми кыймылсыз мүлктүн баасы менен жарандардын кирешесинин ортосундагы ажырым “жогору” деп табылды.