Активист Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө тилкаты менен абактан бошотулду

Айбек Теңизбай.

Жарандык активист Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө боюнча тилкаттын негизинде абактан чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына ал өзү билдирди.

Анын адвокаты Жаныш Бараковдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Теңизбайдын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча отурум 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болгон. Сот активистти тергөө бүткөнгө чейин башка жакка кетпөө тилкатынын негизинде бошоткон.

УКМК Айбек Теңизбайды 11-декабрда кармаган. Атайын кызмат ал социалдык тармактарда белгилүү бир улутка каршы жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келгенин кабарлаган. Мекеме “Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналарын жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн экенин” билдирген, бирок кайсы улуттун өкүлдөрү тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.

12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Теңизбайды Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алган. Мындай өтүнүчтү сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Айбек Теңизбай сотто максаттуу түрдө атайын улут аралык кастыкты козутууга аракет кылбаганын билдирген. Адвокаты Жаныш Бараков аны электрондук көзөмөл менен эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн берген.

Козголгон кылмыш иши жана чогултулган материалдар боюнча Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтан эксперттик корутунду алынган. Эксперттер Айбек Теңизбайдын социалдык тармактарда жарыялаган материалдарында улут аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген корутунду беришкен.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” менен кылмыш иши козголгон.

31 жаштагы Айбек Теңизбай президентке караштуу Башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрдик окуусун Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.

Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече постторду жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет.

Дагы караңыз

ТИМдин Дипломатиялык академиясына жаңы ректор дайындалдыМинистр Досмамбетов дарыгерлерге МИКтен 5 миң батир кезексиз берилерин билдирдиОн өлкө Газадагы гуманитардык абалга байланыштуу билдирүү жасаштыТүркияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деп шектелген 357 адам кармалды