Украина дагы эки даана Patriot абадан коргонуу системасын алды

Украина дагы эки Patriot зениттик-ракеталык комплексин алганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Буга чейин мекеменин башчысы Денис Шмыгаль жеткирүүлөр боюнча Германиянын өкмөтү менен макулдашууларга жетишилгенин айткан.

Украин тараптын маалыматына ылайык, ок-дарысын эсепке албаганда, эки комплекстин баасы 2 миллиард доллардан ашкан. Patriot комплекстери абадан коргонуу системасынын негизги элементтеринин бири болуп саналат, аба жана ракета коркунучтарынан коргонуу үчүн колдонулат.

Киев Батыштагы өнөктөштөрүнө Patriot комплекстерин жана аларга тиешелүү ракеталарды берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган. Июлда АКШ президенти Дональд Трамп европалык өлкөлөр Украинага өз кампаларындагы комплекстерди өткөрүп берерин, ал эми Вашингтон алардын ордун жаңы системалар менен толуктай турганын билдирген. Ал ошондой эле Европага 17 Patriot комплексин жөнөтүүгө даярдык жүрүп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү кийин Украинага берилерин айткан.

Берлин сентябрь айында Киевге эки Patriot комплекси өткөрүлүп берилгенин кабарлаган, ал эми ноябрда Дания, Литва жана Норвегия каржылаган дагы эки комплекс жөнөтүлөрүн жарыялаган.

Орусия Украинага көрсөтүлүп жаткан аскердик жардамды айыптайт.

Дагы караңыз

Жалдагы көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 20 киши эвакуацияланды Казакстанда Нурсултан Назарбаевге чет өлкөгө чыгууга чектөө киргизүү сунушталдыИранда нааразылык акцияларында бир нече адам каза болгону кабарландыНью-Йорктун мэри Зохран Мамдани Куран кармап ант берип, кызматка расмий киришти