ТИМ Грузияга бара турган жарандарга жаңы талаптарды эскертти

Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Грузия 1-январдан тартып чет элдик жарандардын өз аймагына кирүүсүнө жаңы талаптарды киргизгенин билдирди.

Мекеменин тараткан маалыматына караганда, Грузияга кирем деген жаранда ал жакта канча убакыт жүрө турган болсо, ошол мөөнөткө жарактуу медициналык жана кырсыктан камсыздандыруу полиси болушу шарт.

Бул талап Грузиянын туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киргизилген жана туристтик, ишкердик, жеке максаттардагы сапарларга колдонулат.

Камсыздандыруу полисти Грузиянын же чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларында тариздесе болот. Документ грузин же англис тилинде кагаз же электрондук түрдө көрсөтүлүшү керек.

Камсыздандыруу чыгымынын эң арзан наркы 30 миң грузин ларисин (GEL) түзөт. Камсыздандыруу полисте келишимдин тараптары, колдонуу аймагы, максаты, мөөнөтү, тобокелдиктери, төлөмдүн суммасы, кошумча акысынын өлчөмү, төлөмдүн орду жана шарттары тууралуу милдеттүү маалыматтар камтылышы зарыл.

Буга байланыштуу ТИМ кыргызстандыктарды Грузияга баруудан мурда жаңы талаптар менен таанышып, аны сактоону сунуштайт. Чек ара көзөмөлүндө медициналык камсыздандыруу суралышы мүмкүн экенин, ошондуктан аны кагаз түрүндө алып жүрүүгө чакырган.

Мындан тышкары камсыздандыруу полиси, жарактуу паспорт, кайтып келүү билети жана жашай турган жер алдын ала сүйлөшүлгөнүн тастыктаган документтер болушу керек.

Грузияга кыргыз жарандары үчүн визасыз режим иштейт. Соңку жылдары Грузияга билим алууга барган кыргызстандыктар да көбөйдү жана бул үчүн атайын бөлүнгөн мамлекеттик квоталар бар.

Мындан тышкары Кыргызстанга Грузиядан жеңил унаа көп ташылат.

Дагы караңыз

Украина дагы эки даана Patriot абадан коргонуу системасын алдыЖалдагы көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 20 киши эвакуацияланды Жаңы жыл түнү Орусия менен Украина бири-бирин аба соккулар үчүн айыпташтыКазакстанда Нурсултан Назарбаевге чет өлкөгө чыгууга чектөө киргизүү сунушталды