Кеминде 45 киши каза болгону, Интернет жапырт өчкөнү маалымдалды
Иранда динчил бийликке каршы нааразылык акциялары өлкөнүн ондогон шаарларына жайылып, бийлик менен элдин ортосундагы тирешүүгө айланып баратат. Акыркы 48 саат ичинде демонстрациялар башкалаа Тегерандын бир нече жеринде, экинчи ири шаар Мешхедде, дагы бир топ шаарларда башталып, көчөгө чыккан элдин саны өсүүдө.
Ирандын борбордук бөлүгүндөгү Керман жана Кашан шаарларында 8-январда демонстранттар 2020-жылы АКШнын чабуулунан каза болгон белгилүү генерал Касем Сулейманинин эстеликтерин талкалаганы тартылган видео тарады.
Көп жерлерде базарлар менен дүкөндөрдө, көчөдө соода кылган адамдар демонстрацияга чыккан элге кошулуп кеткени кабарланууда.
АКШ президенти Дональд Трамп 8-январда эгер Иран бийлиги демонстранттарга каршы күч колдонууну уланта бере турган болсо Вашингтон кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскертти.
Анын алдында эл аралык укук коргоо уюмдары Иранда бийлик нааразылык акциясына чыккандарды атып жатканын айтып чыгышкан. Кеңсеси Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) уюму азыркы митингдер башталгандан бери Ирандын күч кызматкерлери кеминде 45 кишини өлтүргөнүн, алардын сегизи өспүрүмдөр экенин, 7-январь эң кандуу күн болгонун, анда 13 кишинин өлүмү тастыкталганын жарыялаган.
"Далилдер көрсөтүп тургандай, нааразылыкты басуу барган сайын катаал жана масштабдуу болуп баратат", - деген IHR директору Махмуд Амири-Могаддам жүздөгөн адам жараат алганын, 2 000ден ашуун адам камакка алынганын кошумчалады.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, расмий бийлик жана жалпыга маалымдоо каражаттары акциялар башталган күндөн бери кеминде 21 адамдын өлүмү катталганын, арасында күч кызматкерлери да бар экенин билдирди.
Netblocks онлайн уюмунун 8-январдагы маалыматында "түз эфирдеги көрсөткүчтөр Иран азыр Интернет жапырт өчүрүлгөн абалда турат" деп айтылды.
Human Rights Activists News Agency маалымат агенттиги акциялар Ирандын бардык 31 провинциясынын 348 жеринде өткөнүн жазды.
8-январда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан демонстрацияларды жөнгө салууда "өтө токтоолукка" чакырып, "ар кандай зордук-зомбулукка же мажбурлоого жол бербөө керектигин" айтты.
Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган
Буга Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон. Кийинчерээк акциялар өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранда коопсуздук күчтөрүнүн катуу басымына карабай көчөгө чыккан демонстранттарга колдоо билдирген.
1-январда мамлекеттик маалымат каражаттары жана эл аралык укук коргоо уюмдары демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууларынан кеминде жети адам каза болуп, ондогон киши жаракат алганын кабарлашкан. Бийликке ыктаган агенттиктер зомбулук үчүн “башаламандык уюштургандарды” айыпташкан. Иран бийлиги бул маалыматтарды расмий бышыктаган эмес, ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматы ("Фарда" радиосу) бул кабарларды өз алдынча текшере алган эмес.
"Эгер Иран көнүмүш адатына салып тынч демонстранттарды атып, зулумдук менен өлтүрө баштаса Америка Кошмо Штаттары жардамга келет. Биз толук даярбыз", — деп жазган Трамп 2-январда Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү 2-январда "Фарда" радиосуна жиберген комментарийинде "нааразылык акциялары ирандыктардын өкмөттүн ийгиликсиздигине жана актанууларына болгон кыжырдануусун көрсөтүп жатат" деп билдирген.
Мамдепартаменттин билдирүүсүндө Иран режими "өлкөсүнүн байлыгын дүйнө жүзүндө террорчулукту колдоого жана өз элин басмырлоого коротуп жатканын", ал эми ирандыктар "жакшы жашоого татыктуу экени" белгиленген.
"Биз режимге максималдуу басым көрсөтүүнү улантабыз", — деди АКШнын Мамдепартаменти.
Иран президенти Масуд Пезешкиан чыңалууну басаңдатууга аракет кылып, ирандыктардын "мыйзамдуу талаптарын" моюнга аларын айтып, экономикалык каатчылыкты жеңилдетүү үчүн чара көрүүгө чакырган.
"Исламдын көз карашынан алып караганда… эгер элдин жашоо-тиричилик маселесин чечпесек, тозокко барабыз", — деген ал мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда.
Анткен менен коопсуздук күчтөрүндөгү катаал турумду кармангандар нааразылык акцияларына жана "абалдан пайдаланып башаламандык уюштургандарга" каршы "катуу чара көрүлөрүн" убада кылышкан.
Теннесси университетинин доценти Саид Голкар бул толкундоолор "экономикалык нааразычылыктардан улам чыкканы менен анын түпкү себеби режимдин басымчыл саясаты, идеологиясы жана жөндөмсүздүгүндө" экенин жазган.
Ал эми Берлинде жайгашкан Жакынкы Чыгыш жана глобалдык тартип борборунун негиздөөчүсү Али Фатхолла-Нежад 30-декабрда белгилегендей, Ирандагы акциялардын себеби "валютанын арзандашы, суу жана электр энергиясынын тартыштыгы, күйүүчү майдын кымбатташы, инфляциянын гиперинфляцияга жакындашы, экологиялык кыйроо сыяктуу кризистер чогулуп калышында".
Дагы караңыз Иран: Риалдын куну качты, көчөгө чыккандар полиция менен кагылыштыАлгачкы күндөрү Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын Fars агенттиги өлкөнүн түштүк-батышындагы Лордеган шаарындагы кагылышууларда эки адам каза тапканын билдирген. Укук коргоочулар да коопсуздук күчтөрү ок атып, эки демонстрант өлүп, бир нечеси жаракат алганын маалымдашкан. Уюм ошондой эле 31-декабрда Исфахан провинциясында бир киши каза болгонун кошумчалаган.
Кийинчерээк Fars агенттиги Ирандын батышындагы Азна шаарында (Лорестан провинциясы) коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусунан үч киши каза болуп, 17 адам жаракат алганын жазган.
Ошол эле маалда Ислам революциясынын сакчылар корпусу 1-январда Лорестан провинциясындагы Кухдешт шаарында алардын Басиж ыктыярдуу бөлүгүнүн бир мүчөсү каза болгонун билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Махса Амининин өлүмү: Иранды толкуткан окуя
"Тасним" агенттиги Тегеранда "коомдук тартипти бузган" деген негиз менен кеминде 30 киши кармалганын жазган. Камакка алуулар бир катар башка провинцияларда да каттала баштаган.
Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, 1-январда Тегеранда базарлар кайра жабылып, соодагерлер көчөгө чыгышкан. Алар инфляциянын кесепетинен жашоо күндөн күнгө кыйындап жатканын айтууда.
Дагы караңыз "Аялдар, жашоо, эркиндик": Ирандагы кыймыл каармандыкты, тилектештикти күчөттүОлуттуу чакырык
Ирандагы азыркы толкундоолор 2022-жылдын сентябрынан берки эң ири нааразылык акциялары боллууда. Анда 22 жаштагы ирандык студент Махса Амининин өлүмүнөн кийин ири толкундоолор тутанган.
Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади 1-январда "Фарда" радиосуна курган маегинде "Акыркы нааразылыктар бир чындыкты ачык көрсөттү. Көптөгөн ирандыктар азыркы түзүлүш өлкөнү толук кыйратканга чейин, кандай гана баа менен болбосун, мүмкүн болушунча тезирээк кетиши керек деп чечишти" деген пикири менен бөлүшкөн.
Экономикалык кысым, 50 пайыздан ашкан инфляция жана иран риалынын кескин арзандашы учурда Иран коомун түп-тамырынан солкулдатып жаткан негизги факторлор бойдон калууда.