Милиция 28 жаштагы дарыгер Зибированын өлүмүн иликтеп жатат

Айгүл Зибирова. Сүрөт соцтармактан алынды.

Бишкектеги №3 балдардын Тез жардам клиникасынын дарыгери Айгүл Зибированын өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, дарыгердин өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Маркумдун бир тууганы Мехригүл Зибирова сиңдиси асфиксиядан көз жумганын, ошол учурда жанында мурдагы сүйлөшкөн жигити болгонун жазган.

Бишкектеги №3 балдардын Тез жардам клиникасынын реаниматологу, 28 жаштагы Айгүл Зибирова аталган ооруканада 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал 31-декабрь түнү да кызматында нөөмөттө болгонун, 2-январга караган түндө каза болгону тууралуу маалымат алышканын маркумдун эмгек жамааты соцтармактарга жазышты. (ZKo)

Дагы караңыз

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Нью-Йоркко жеткирилдиМадуро жана анын аялынын соту Манхэттенде болот ИИМ баллон менен муз тебүүнүн кесепетин эскерттиОрусиядан балдар Кыргызстанга паспорт менен гана кирип-чыга алышат