"Кызым ыдыкка кабылды". Милицияга эки башка арыз түштү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошто милиция 1-класстын окуучу кызына чоң кишинин ыдыгы болгону тууралуу арызды териштирип жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяга байланыштуу жалпысынан эки арыз түшкөнүн билдирди. Биринчи арызды кыздын апасы, ал эми экинчисин алар айыптап жаткан киши жазган.