Сенатор Грэм Орусияга каршы санкция мыйзамын Трамп колдогонун билдирди

Линдси Грэм (оңдо) жана Ричард Блюментал Киевде. 2025-жылдын май айы.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядан мунай сатып алып жаткан өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга, Индияга, Бразилияга каршы санкция жарыялоого жол ача турган мыйзам долбооруна колдоосун билдиргенин 8-январда Түштүк Каролинадан республикачы сенатор Линдси Грэм жарыялады.

Ал Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына эки партиянын атынан даярдаган мыйзам долбоору Трамп менен жолугушууда талкууланганын айтты.

Бул долбоорду ал демократ Ричард Блюментал жана башка сенаторлор менен бирге иштеп чыгып, 2025-жылдын апрелинде талкууга койгон. Документти азыркы тапта 80ден ашуун сенатор колдоодо. Эгер ал толук колдоо таап, кабыл алынса Орусиядан мунай, газ, уран жана башка азык сатып алган өлкөлөр АКШнын аймагына өз товарын импорттогусу келсе, анда 500 пайыздык пошлина төлөөгө милдеттүү болот.

Грэм 8-январдагы билдирүүсүндө мыйзам азыр кабыл алынса жакшы болорун, анткени Украина өз тынчтыгы үчүн айрым шарттарга баш ийүүгө аргасыз болуп, ал эми орус президенти Владимир Путин күнөөсүз адамдарды өлтүрүүсүн улантып жатканын белгиледи.

Сенатордун пикиринде, мыйзам долбоору боюнча добуш берүү Конгрессте келерки аптанын башында өтүшү мүмкүн.

Трамп өзү же анын администрациясы бул боюнча азырынча маалымат бере элек. (RK)

Дагы караңыз

Франция, Британия жана Украина коопсуздук кепилдиктери боюнча декларацияга кол коюштуУкраинанын эки аймагы түндө таптакыр жарыксыз калды"Эч ким жок жерге алып барчу". Окуучу кызы ыдыкка кабылганын апасы айтып чыкты"Кызым ыдыкка кабылды". Милицияга эки башка арыз түштү