Венесуэлада оппозиция өкүлдөрү жана саясий туткундар түрмөдөн бошотула баштады

Венесуэладагы түрмө.

Венесуэла өкмөтү укук коргоо уюмдары саясий туткун деп эсептеген адамдарды түрмөдөн бошото баштады. Маалыматка караганда, жалпысынан 800гө жакын саясий туткун бар. Испаниянын Тышкы иштер министрлиги беш жараны бошотулганын билдирди. Алардын арасында белгилүү венесуэла-испаниялык укук коргоочу Росио Сан-Мигель да бар. Маалыматты анын туугандары америкалык медиаларга ырасташты.

Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы, өткөөл президент Делси Родригестин бир тууганы Хорхе Родригес мамлекеттик телеканалдан "олуттуу сандагы" туткундар дароо бошотуларын билдирди. Ал алардын так санын жана кимдер экенин атаган жок.

Хорхе Родригестин айтымында, убактылуу өкмөт бул кадамды "улуттук биримдикти жана тынч жашоону камсыз кылуу" максатында жасап жатат.

Саясий туткундардын көбү 2024-жылы Николас Мадуронун кайра шайланышына каршы өткөн нааразылык акцияларынан кийин кармалган. Эл аралык уюмдар жана активисттер Венесуэланын күч түзүмдөрүн адам укуктарын олуттуу бузууга айыптап келишет.

Венесуэлалык укук коргоочу Марта Тинео билдиргендей, туткундар негизинен "Эл-Геликоид" түрмөсүнөн бошотулууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Мадуро кармалгандан кийин бул түрмө жабыларын жарыялаган.

Бул жай саясий оппоненттерди кармоо менен эл аралык деңгээлде белгилүү болуп, укук коргоочулар ал жерде кыйноо колдонулган учурлар тууралуу билдиришкен.

Венесуэла оппозициясынын лидери, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мария Корина Мачадо анын бир нече жакын өнөктөшү дагы деле түрмөдө отурганын айтып, аларды бошотууну кайрадан талап кылды.

Дагы караңыз

Сирия бийлиги Алепподо күрт күчтөрү менен атышууну токтотуу режимин жарыяладыОштун мэри шаарда кыйылып жаткан бак-дарактар чирип калганын айттыУкраинанын Киев жана Львов аймактарына урулган соккудан адам өмүрү кыйылды