Орусиянын чабуулдарынан 9-январга караган түнү Украинанын борбору Киев шаары жана Львов облусу жабыркады.
Киевде жапырт дрон чабуулунун кесепетинен кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылганы, дагы 19 киши жараат алганы кабарланууда.
Шаардын Днепровский районунда сокку көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийгени, Десна районундагы соода борборлорунун биринде өрт тутанганы, Печерский районунда 24 кабат имарат зыян тартканы маалымдалды. Мэр Виталий Кличконун айтымында, калктын күнүмдүк тиричилигин камсыздоочу инфраструктура да жабыркагандыктан борбор калаанын айрым жерлеринде электр энергиясы, суу жок болуп жатат.
Львов облусунда ракеталык сокку катталганы, Орусия колдонгон баллистикалык ракета саатына 13 миң чакырым ылдамдыкта учуп барганы маалымдалды.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга чамалап калды. Көптөгөн далилдерге карабастан Москва Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалап, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканын мойнуна албайт. АКШ баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн азырынча натыйжа боло элек. (RK)
Шерине