Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Орусияда жугуштуу оорусу бар мигранттарды депортация кылуу сунушталды


Орусия. Архив.
Орусия. Архив.

Орусияда медициналык кароодон баш тарткан чет элдик жарандарды соттун чечими менен депортация кылып, айып пул салуу сунушу киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Max мессенжерине жазды. Ал мигранттарга башкаларга коркунуч келтирген оорусу жок экенин тастыктаган документ жасап бергендерге жазаны күчөтүү да каралып жатканын билдирди.

Андан тышкары Орусияга үч айдан ашык мөөнөткө барган чет элдик жарандар үчүн милдеттүү медициналык кароодон өтүү мөөнөтүн 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартуу пландалууда.

Вячеслав Володин ошондой эле медициналык уюмдарды чет өлкөлүк жаранда жугуштуу оору аныкталгандыгы жөнүндө маалыматты Ички иштер министрлигине жана Роспотребнадзорго берүүгө милдеттендирүү каралып жатканын кошумчалады. Бул жугуштуу дарты бар чет элдиктерди өлкөдөн тез арада депортация кылуу максатын көздөйт. Мамлекеттик Думанын спикери бул демилгелер мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүгө жана Орусияда коомдук коопсуздукту жакшыртууга багытталганын айтты.

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизип жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG