Башкы прокуратура Оштун Өзгөн районунда милициянын үч кызматкери (С.Х., А.А., И.К.) кармалганын билдирди.
Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 3-январда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, эки адамды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбай, зордук-зомбулук көрсөткөнү аныкталган. Анын жыйынтыгында бир жабырлануучунун (А.Б.) ден соолугуна оор залал келтирилген.
Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы 5-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Бийликтен аша чабуу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облусундагы башкармалыгына жиберилген. Сот шектүүлөрдү эки айга камакка алды.
Башкы прокуратура бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүлөргө юридикалык баа берилерин кошумчалады. (BTo)
Шерине