Улуу Британия Украинада тынчтык орнотуу маселеси чечилсе ал жакка өнөктөш өлкөлөрдүн коопсуздук күчтөрүнүн катарына британ аскерлерин да жөнөтүү ыктымалдыгына даярдык көрүү үчүн 200 млн фунт (230 млн евро) каражат бөлдү. Бул тууралуу 9-январда британ Коргоо министрлиги билдирди.
Бул акча британ куралдуу күчтөрүн жаңы жабдуу менен камсыздоого, унааларды, байланыш системаларын модернизациялоого жана дрондордон коргонууга жумшалат.
6-январда Парижде чогулган Франция, Улуу Британия жана Украинанын лидерлери Орусия менен тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин украин жергесинде француз, британ жана айрым башка союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин жайгаштыруу тууралуу ниетин билдирген декларация кабыл алышкан.
The Times басылмасынын маалыматына караганда, Орусия менен тынчтык келишими түзүлө турган болсо Улуу Британия жана Франция Украинага 15 миңге чейинки санда аскерлерин коопсуздук кепилдиги катарында жөнөтүшөт, ал эми Германия Украинага жакыныраак жерге аскерлерин жайгаштырууну көздөөдө.
Москва эгер Украинанын аймагында башка өлкөнүн аскерлери жайгаштырылса бул Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч катары бааланарын билдирген. Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "андай бөлүктөр жана объектилер мыйзамдуу бута катары караларын" айткан.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. (RK)