Еврошаркеттин 21 өлкөсү Түштүк Америка менен соода келишимин жактырды

Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөр Түштүк Американын алты мамлекетин жалпы рынок катары байланыштырган МЕРКОСУР бирикмеси менен эркин соода келишимине кол коюну жактырды. Бул келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр 25 жыл созулду.

Reuters агенттиги жазгандай, келишимди Еврошаркетке мүчө 21 өлкө колдоду. Австрия, Франция, Венгрия, Ирландия жана Польша каршы добуш беришти, Белгия добуш берүүдөн карманды. Келишимдин кабыл алынышын жактыруу үчүн биримдиктин жалпы калкынын 65% түзгөн кеминде 15 өлкөнүн макулдугу керек болчу.

Европа комиссиясы жана Германия, Испания келишим АКШнын импорттук тарифтеринен улам бизнестеги жоготууларды жабууга, Кытайдан көз карандылыкты азайтууга жардам берет деп эсептешет.

Франция башында турган келишимге каршы өлкөлөр бул арзан товарлардын импортун көбөйтүп, жергиликтүү фермерлердин ишине сокку урат деп билдирүүдө.

Дагы караңыз

Украинада эки министр кызматтан кетүүгө арыз жаздыОш: Айланма жол салуу үчүн жанындагы курулуштар алынуудаНарын облусунда электр энергиясын керектөө лимити жогорулатылдыЕБ лидерлери Дамаскка барып, Сирияны калыбына келтирүүгө 722 млн доллар убада кылышты