Кара металл ташып чыгууга салынган тыюу мөөнөтү узартылат

Иллюстрация сүрөт.

Кыргыз өкмөтү кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн анын куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга салынган убактылуу тыюунун мөөнөтүн дагы алты айга узартууну сунуштап жатат. Тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордо ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификацияланган кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын уютмаларын (шихталык уютмалар) Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталат.

Азыркы учурда республиканын аймагында негизги беш ишкана иштейт. Алар -“Металл-Кен”, “Азия болот”, “Фрунзе МПЗ”, “Лахор Стилл Милс” жана “Вулкан плюс”. Булардын жылына 490 миң тоннага жакын жалпы кайра иштетүү кубаттуулугу бар.

Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкөнүн металлургия тармагынын чийки зат базасын чыңдоо, ошондой эле стратегиялык маанилүү чийки зат рыногунда жагымсыз тенденциялардын пайда болушуна каршы туруу максатында түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга экспорттук бажы алымдарын киргизген. Бирок экспорттоонун көлөмүн кыскартууда тарифтик жөнгө салуу чарасы анча эффективдүү болбой жатканы документтин негиздеме-маалымкатында белгиленген. (КЕ)

Дагы караңыз

Орус армиясы Украинанын аймагына "Орешник" баллистикалык ракетасы менен сокку урдуЕврошаркеттин 21 өлкөсү Түштүк Америка менен соода келишимин жактырдыУкраинада эки министр кызматтан кетүүгө арыз жаздыОш: Айланма жол салуу үчүн жанындагы курулуштар алынууда