Жалал-Абадда жоокердин өлүмүнө шектүү жаран эки айга камалды

Аскер бөлүктөгү жоокердин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катары кармалган М.М. аттуу аскер эки айга, 5-мартка чейин убактылуу кармоо жайына камалды. Анын бөгөт чарасын Манас шаардык соту карап, ушундай чечим чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы “Азаттыкка” ырастады.

Буга чейин Аскер прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер 5-январда өз жанын кыйганы маалымдалган.

18 жаштагы улан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан.

Аталган мекеме тараткан билдирүүгө ылайык, окуя 5-январда болжол менен саат 15:25те болгон. Баштапкы маалыматта жоокер белгисиз себептерден улам табелдик куралы менен өзүн атып, дароо жан бергени кабарланган.

Жоокердин ата-энеси Би-Би-Сиге баласы катуу сабалганын айтып, ал өз жанын өзү кыйды дегенге ишенбей турганын билдиришкен. (КЕ)

Дагы караңыз

Кара металл ташып чыгууга салынган тыюу мөөнөтү узартылатОрус армиясы Украинанын аймагына "Орешник" баллистикалык ракетасы менен сокку урдуЕврошаркеттин 21 өлкөсү Түштүк Америка менен соода келишимин жактырдыУкраинада эки министр кызматтан кетүүгө арыз жазды