Украинанын эки облусу дрон жана ракета чабуулуна кабылды

Украина. 2026-жылдын 7-январы.

10-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына ракета жана жүздөн ашуун согуштук дрон учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 121 учкучсуз учак жана «Искандер-М» баллистикалык ракетасы колдонулганы маалымдалды.

Днепропетровск облусунда 27 дрон атып түшүрүлгөнүн, бул аймакта үч киши жараат алып, кээ бир жерлерде өрт чыкканын жергиликтүү администрация башчысы Александр Ганжа билдирди.

Украинанын Энергетика министрлиги бул облуста 130 миңдей абонент электр жарыгысыз калганын кабарлады.

Кривой Рог шаарынын башчысы Александр Вилкул Орусиянын түнкү соккуларынан эки киши жараат алганын, алардын биринин абалы оор экенин, калаанын айрым райондору жарыксыз калганын, кээ бир социалдык инфраструктура объектилери зыянга учураганын жазды.

Эки күн мурда Орусиянын чабуулдарынан Днепропетровск жана Запорожье облустарында бир түн электр энергиясы таптакыр өчүп калган. (RK)

Дагы караңыз

"Бай-кедей деп тандабайт". Кургак учук качан жеңилет?"Эркин жүрө албай калышты". Орусия миграция мыйзамдарын дагы катаалдатуудаМосква миграция саясатын дагы катаалдаштырабы?Иранда нааразылык акциялары уланууда, алтымыштан ашуун өмүр кыйылды