Кургак учук аныкталган мектептин окуучуларында инфекция катталган жок

Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте кургак учук оорусу аныкталганы айтылган мугалимдин кесиптештери жана окуучулар текшерилип, алардан дарт аныкталган жок. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров “Азаттыкка” курган маеги учурунда билдирди:

“Ал эми мугалим боюнча айтсам, азыр ал иштеген мектепте бардык чаралар көрүлүп, иштер жүрүп жатат. Башка мугалимдерден, балдардан ооруну тапкан жокпуз”, - деди Кадыров.

Декабрь айында Бишкектеги мектептердин биринде иштеген мугалим кургак учуктун ачык түрү менен ооруй турганы кабарланган. Бул тууралуу ата-энелер чогулушунда белгилүү болуп, окуучулар жана ата-энелери дагы текшерүүдөн өтөрү белгиленген.

Абдулат Кадыров Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2035-жылга чейин кургак учукту жок кылуу программасы Кыргызстанда дагы иштеп жатканын кошумчалады. Дарыгердин айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырып, бул дарттан каза болгондордун саны үч эсе азайды.

2024-жылы кургак учук 3998 адамда катталып, 194 адам каза тапкан. 2023-жылы 4183 бейтап катталып, 183 адам каза болгон. 2022-жылы 4568 учур катталып, 176 адам өлүмгө дуушар болгон.

Кургак учук – бактериялар пайда кылган инфекциялык оору, негизинен өпкөнү жабыркатат. Оору адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана какырганда аба аркылуу тарайт. (ST/КЕ)

Дагы караңыз

Украинанын эки облусу дрон жана ракета чабуулуна кабылды"Бай-кедей деп тандабайт". Кургак учук качан жеңилет?"Эркин жүрө албай калышты". Орусия миграция мыйзамдарын дагы катаалдатуудаМосква миграция саясатын дагы катаалдаштырабы?