Кинематографисттер союзуна жаңы төрага шайланды

Бусурман Одуракаев, актер. (Сүрөт актердун соцтармактагы баракчасынан алынды)

Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп Бусурман Одуракаев шайланды. Аталган союздун төрагасын кайра шайлоо, жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга арналган курултай 10-январда өткөн. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курултайдын делегаттары төрагадан тышкары союздун жаңы башкармалыгынын курамын да шайлашты.

Буга чейин Кыргызстан Кинематографисттер союзун Таалайбек Кулмендеев жетектеп келген.

63 жаштагы Бусурман Одуракаев Кыргызстандын Эл артисти, актёр жана кинорежиссер. "Акбаранын көз жашы", "Куш ыйы", "Маңкурт", "Бетме-бет" жана башка ондогон тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Назарбаевдин күйөө баласы, ханзааданын сарайы жана коррупциялык схема. Британ журналисттери эмнени тапты?Президент Жапаров Бишкекте МИК курган батирлердин чарчы метри 950 доллардан айланганын айтты Чүйдүн 45 жаштагы тургуну энесине кол салууга шектелип кармалдыМальтада каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилет