Казакстанда эки миңдей адам абактан мунапыстын негизинде бошотулду

Казакстандагы түрмөлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Конституциянын 30 жылдыгына карата жарыяланган амнистиянын алкагында түрмөлөрдөн эки миңден ашуун адам эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстандын Ички иштер министрлигине караштуу Жаза аткаруу комитетине (КУИС) таянып кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, соттордо болжол менен 16 миң сунуш каралган. Анын жыйынтыгында 11 миңден ашуун кишинин эркинен ажыратуу мөөнөтү кыскартылган. Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам бошотулган.

Жаза аткаруу комитети билдиргендей, амнистия биринчи кезекте социалдык жактан аялуу катмарларга, жашы жете электерге, балалуу жана кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга жана майыптыгы бар жарандарга колдонулган. Бошотулган адамдардын бардыгы полицияда жекече каттоого алынып, пробация кызматтарынын көзөмөлүндө болушат.

Мунапыс майда жана оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго гана жарыяланды.

Ага оор зомбулук кылмыштары, коррупция, экстремизм жана террорчулук, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар, кыйноо фактылары боюнча кесилгендер илинген жок.

"Казакстан Республикасынын Конституциясынын отуз жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө" мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев 2025-жылы жайында кол койгон.

Дагы караңыз

Өзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалдыАялы үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган мурдагы депутат кармалды